Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат, административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топторуна Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.
Бардык административдик мамлекеттик кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:
Билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 202-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”;
11) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
– компьютердик сабаттуулукту жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды билүү.
Билгичтик:
– статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат даярдоо;
– тесттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
– файлдарды, папкаларды түзүү жана алар менен иштөө, атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү;
– тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу;
– диск мейкиндигин тазалоо (архивдөө) ;
– компьютердик жана социалдык тармактарда иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо) (интернет, электрондук почта ж. б.);
– электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү;
– ар кандай браузерлер менен иштөө;
– кеңсе техникасы менен иштөө: көчүргүчтөр, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.
Аймактык башкармалыктардын башчылары
1. Кесиптик билим деңгээли:
– Юриспруденция багыты боюнча “гуманитардык илимдер” жаатында жогорку кесиптик билим; жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, геодезия жана аралыктан зонддоо, гидротехникалык курулуш, жаратылышты жайгаштыруу жана суу колдонуу, “техникалык илимдер” жаатында жогорку кесиптик билим; агрономия, айыл чарба өндүрүшүнүн технологу багыттары боюнча, “айыл чарба илимдери” жаатында жогорку кесиптик билим; экология жана жаратылышты пайдалануу багыты боюнча “табият тануу илимдери” жаатындагы жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Суу кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси;
– “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы №665 токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобо;
– Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтому менен бекитилген Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобо”;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы №98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобо.
3.2. Билгичтик:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– жетектөөчү түзүмдүк бөлүмдүн, ошондой эле региондук бөлүмдөрдүн проблемаларын чечүүгө карата мамилелерди талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, көзөмөлдөө, контролдоо жана интеграциялоо;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчиликти киргизүү;
– таламдардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
– коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
– жердин пайдаланылышын жана корголушун көзөмөлдөө, контролдоо линиясы боюнча өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн, ошондой эле региондук бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, түзүмдүк жана региондук бөлүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү;
– конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3. Көндүмдөр:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышууну каалаган адамдар “e-Kyzmat” ” ” https://kyzmat.gov.kg/ мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет; Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген) тиркелет:
– кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен;
– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен;
– илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо);
– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо).

Арыз берүүнүн мөөнөтү: 2026-жылдын 6-июль – 15-июль аралыгында.
Бишкек ш., Киев көч., 96 “б”, 7-кабат, кабинет-709, телефон: 62-16-45.

Эскертүү: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

wpChatIcon
wpChatIcon