Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2026-жылдын 13-июлунан 22-июлуна чейин административдик кызмат орундарынын улук тобуна кадрлардын резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт. Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар: Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек: – Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек; – жаш курагы 21 жаштан төмөн болбошу зарыл; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү (2025-жылдан тартып — орто деңгээлден (В1) төмөн эмес, 2027-жылдан тартып — ортодон жогорку деңгээлден (В2) төмөн эмес; – компьютерди жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык көндүмдөрдү билүү; Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топтору үчүн: Төмөнкү жалпы мыйзамдарды билүүсү керек: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди; – мыйзамда каралган учурларда кызматкердин ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдөгү санариптик сабаттуулук. Төмөнкү предметтик мыйзамдарды: 1) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; 2) “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; 3) “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялыкМыйзамын; 4) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин; 5) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 6) “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 7) “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 8) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 9) “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 10) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын регламентин. АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН УЛУК ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР: Юриспруденция багыты боюнча (коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү) – жогорку юридикалык билим (юриспруденция, экономика, башкаруу). – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. – коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча сертификаттардын болушу артыкчыльк болуп саналат. Маалыматтык коммуникациялык технологиялар багыты боюнча (Базар-Коргон, Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлор ) – ар кандай профилдеги жогорку билим. Маалыматтык система, маалыматтык коммуникациялык технологиялар чѳйрѳсүндѳгү билим артыкчылыктуу болуп саналат. – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Сынакка катышууга ниеттенген талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталы https://kyzmat.gov.kg/ жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө арыз бере алышат, арызга электрондук форматтагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет. – кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен; – эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен; – илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо); – квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо). Документтер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсү, 50, дареги боюнча № 201 бөлмөдө беш жумуш күнүн эске алуу менен 2026-жылдын 13-июлунан 22-июлун кошуп алганга чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин (түшкү тамактанууа тыныгуу – саат 12.30дан 13.30га чейин) кабыл алынат. Толук эмес документтерди тапшырган, ошондой эле коюлган талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурска катыштырылбайт. Кошумча маалымат алуу үчүн 62-08-27 телефону боюнча (адам ресурстарынбашкаруу секторуна) кайрылса болот. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги