улук жана кенже мамлекеттик административдик жарандык кызмат орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт. Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар: Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топтору үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топтору үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. – Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; – Компьютер жана мобилдик түзүлүштөр менен, компьютердик жана социалдык тармактарда, оргтехника менен иштей билүүсү; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын колдонууну билүүсү. Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топтору үчүн (ветеринар) Кесиптик билим деңгээли: – ветеринария багыты боюнча “айыл чарба” жаатындагы жогорку кесиптик билим. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенциялар: Билим: – “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №56 токтому; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө” №108 токтому; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жөнүндө” жобо. Жөндөмдүүлүк: – ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу; – коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; – өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү. Көндүмдөр: – ишкердик жазуу көндүмдөрү; – белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу; – иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү; – компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү. Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топтору үчүн (ветеринар) Кесиптик билим деңгээли: – ветеринария багыты боюнча “айыл чарба” жаатындагы жогорку кесиптик билим. Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талаптар коюлбайт. Кесиптик компетенциялар: Билим: – “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №56 токтому; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жөнүндө” жобо. Жөндөмдүүлүк: – өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; – ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу. Көндүмдөр: – ишкердик жазуу көндүмдөрү; – белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу; – иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү; – компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү. Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер: жеке арызы; кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен; резюме (электрондук почтасын көрсөтүү менен); өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экенин көрсөтүү менен); паспорттун көчүрмөсү; соттуулугу тууралуу маалымкат; нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү; нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо); окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо). Конкурска катышуу үчүн документтер саат 17:00гө чейин, жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күнгө чейин Каракол шаардык ветеринардык башкармалыгына төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Каракол шаары Орозбекова көчөсү №85, телефон: (0-3922) 5 52 93, e-mail: karakolgfvu@mail.ru. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы административдик кызматтардын улук жана кенже тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты,