Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги борбордук аппараттын мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.
Административдик кызматтардын улук топтору үчүн:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)“Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”.
Административдик кызматтардын кенже топтору үчүн:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Мамлекеттик жарандык кызматтын улук тобу үчүн :
Кесиптик билим деңгээли: “гуманитардык илим” тармагындагы филология, лингвистика, журналистика, педагогика, тарых багыттары боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын № 225 токтому менен бекитилген “Кызматтык колдонуу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө” жобо;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 463 “Электрондук кайрылуулар интернет-порталы аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
-мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү.
Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;
-жазуу жана сүйлөөнүн кызматтык жана расмий стилин колдонуу менен документтерди мамлекеттик тилде түзүү/ мамлекеттик тилге жана которуу;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.
Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже тобу үчүн:
Кесиптик билим деңгээли: “гуманитардык илим” тармагындагы филология, лингвистика, журналистика, педагогика, тарых багыттары боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажы талап кылынбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылды 28-октябрындагы № 233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө” токтому;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын № 225 токтому менен бекитилген Кызматтык колдонуу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобосу;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 463 “Электрондук кайрылуулар интернет-порталы аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
-мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдалануу жана расмий тилди билүү.
Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-жазуу жана сүйлөөнүн кызматтык жана расмий стилин колдонуу менен документтерди мамлекеттик тилде түзүү/ мамлекеттик тилге жана которуу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө.
Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— форма боюнча жеке арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
— форма боюнча сүрөтү менен резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепченин көчүрмөсү (эгерде эмгек стажы бар болсо);
— окумуштуулук даражасынын жана окумуштуулук наамынын ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Конкурска катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча тапшыра алышат.
Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2025-жылдын 17-февралынан 27-февралына саат 17.00гө чейин.
Конкурска катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Киев көчөсү, 96а, 315-каб. (Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү),
Байланыш телефону: 62 36 89
ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.
Борбордук мамлекеттик органдарга сынактар (Бишкек шаары боюнча)
Борбордук мамлекеттик органдарга сынактар (Бишкек шаары боюнча)
Вакансии по центральным государственным органам (по г.Бишкек)