Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгы улук жана кенже административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топтору үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топтору үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

— Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

— Компьютер жана мобилдик түзүлүштөр менен, компьютерде жана социалдык тармактарда, оргтехника менен иштей билүүсү;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын колдоно билүүсү.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар: (башкы инспектор) (У-Б)

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— ветеринария багыты боюнча «айыл чарба» жаатындагы жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенциялар:

Билим:

— “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №56 токтому;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө” №108 токтому;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жөнүндө” жобо.

Жөндөмдүүлүк:

—   ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

— коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

—  өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

—  ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

Көндүмдөр:

—  ишкердик жазуу көндүмдөрү;

— белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

— иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;

— компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын

улук топтору үчүн квалификациялык талаптар; (улук инспектор) (М-А)

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— ветеринария багыты боюнча «айыл чарба» жаатындагы жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенциялар:

Билим:

— “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №56 токтому;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жөнүндө” Жобо.

Жөндөмдүүлүк:

— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу.

Көндүмдөр:

— ишкердик жазуу көндүмдөрү;

— белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

— иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;

— компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар: (башкы адис) (У-Б)

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— эсептөө техникасы жана маалымат технологиялары, табигый илимдер, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык илим, экономика жана башкаруу, айыл чарба илимдери, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, техникалык илимдер, техносфералык коопсуздук, жаратылыш жайгашуусу жана гидрометеорология боюнча жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенциялар:

Билим:

— “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” ПЖ № 24 Жарлыгы;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” ПЖ № 25 Жарлыгы;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин жана муниципалдык кызматкерлеринин өздүк ишин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” №316 токтому.

Жөндөмдүүлүк:

— коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;

— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

Көндүмдөр:

— ишкердик жазуу көндүмдөрү;

— белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

— компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

— өзүнүн арызы;

кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;

— резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.

— паспорттун көчүрмөсү;

Документтер жарандардын жеке өзү тарабынан, папкада жана толук маалымат тапшырылышы зарыл. Маалыматтары толук эмес жана коюлган талаптарга жооп бербеген документтер кабыл алынбайт. Документтери толук жана коюлган талаптарга жооп берген жарандар гана ачык сынакка катышууга чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана электрондук почта даректери так көрсөтүлүшү зарыл.

Конкурска катышуу үчүн документтер папкага салынган документтердин кагаз көчүрмөлөрү 2024-жылдын 03-июлунан 12-июлуна чейин иш күндөрү саат 09:00 дөн 18:00 гө чейин Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгына төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Чуй облусу, Сокулук району, Сокулук айылы Свердлова көчөсү 29, телефон: 03134-5-14-73, 0708-533-576.

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер гана тест тапшырууга чакырылат. Сынактын датасы жана орду боюнча кошумча маалымат берилет. Толук маалымат веб-сайттарда жайгаштырылган:
— www/gvfi.gov.kg.