Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптары.
Транспорт багыты боюнча мамлекеттик административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
- Кесиптик билимдин деңгээли:
Жогорку кесиптик билим:
1.»Техникалык илимдер» чѳйрѳсүндѳгү жогорку техникалык кесиптик билиминин тѳмѳндѳгү багыттагы адистиктери:
— «Жер транспортунун системалары» багытындагы «Автомобиль жана автомобиль чарбасы» адистиги;
— «Автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо» багытындагы «Ташууну жана транспортту башкарууну уюштуруу», «Жол кыймылын уюштуруу», «Кыймылды уюштуруу жана коопсуздук», «Автомобиль транспортун эксплуатациялоо» адистиктери;
- «Транспорттук техника жана технология» чѳйрѳсүндѳгү жогорку техникалык кесиптик билиминин тѳмѳндѳгү багыттагы адистиктери:
-«Транспорт-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо» багытындагы «Автомобиль транспорту», «Суу транспорту», «Машина куруу», «Механизация» адистиктери.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт;
- Кесиптик компетенциялар:
-«Автомобиль транспорту жѳнүндѳ» Кыргыз Рспубликасынын Мыйзамы;
-«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык –уруксат берүү тутуму жѳнүндѳ» Кыргыз Рспубликасынын Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2018-жыл 17-сентябрындагы № 430 «Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
-Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 «Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлѳрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жѳнүндѳ» токтому;
-Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 23- декабрындагы № 724 «Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту чѳйрѳсүндѳгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускаманы бекетүү жѳнүндѳ» токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 14- апрелиндеги №223 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө» токтому;
Ошондой эле тѳмѳнкүлѳрдү билүү зарыл:
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлѳмдѳ мамлекеттик жана расмий тилдерди.
-статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды ѳндүрүү;
— тест, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштѳѳ;
-файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштѳѳ, атын ѳзгѳртүү, кѳчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү;
-тышкы перифериялык түзүлүштѳрдү туташтыруу;
-диск мейкиндигин тазалоо (архивдѳѳ);
-компьютердик жана социалдык тармактардагы иш: маалыматты издѳѳ, бѳлүшүү жана сактоо (интернет, электордук почта ж.б.)
— электрондук каттарды кабыл алуу жана жѳнѳтүү;
-ар кандай браузерлер менен иштѳѳ;
-кеңсе техникасы менен иштѳѳ: кѳчүргүчтѳр , принтер,сканер, пректор же интерактивдүү доска, факс.
3.1. Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө.
3.2. Көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын,зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтер (чогултулуп тиркелет):
— Форма боюнча жеке арыз;
— Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен);
-Резюме (телефон номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
-Автобиография (соттолбогону бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
-Негизги жана кошумча билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн);
— Нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);
— окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Талапкерлердин документтери 2024-жылдын 08-январынан 2024-жылдын 18-январына чейин Балыкчы шаарындагы Ж.Абдрахманов көчѳсүнүн № 15 дареги боюнча кабыл алынат.
Маалымат үчүн Телефон (03944) 70912.