«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппараттын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн административдик кызмат орундарынын башкы жана кенже тобуна кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт:
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
— сүрөтү менен резюме (тел номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
— автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
— окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Конкурска катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча тапшыра алышат.
Конкурска катышуу үчүн документтер көктөлүп жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Адам ресурстары башкаруу жана уюштуруу бөлүмүнө төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Бишкек ш., Н.Исанов көч., 42, 305-кабинет.
Документтер 2025-жылдын 20-январынан тартып 31-январга чейин (31-январь — кабыл алуунун акыркы күнү) иш күндөрү саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин кабыл алынат. Кошумча маалымат (0312) 31 43 94 телефону жана КР ТКМ www.mtd.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин www.mkk.gov.kg расмий сайттарында.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга ачык конкурска катышууга жол берилбейт.
Квалификациялык талаптар:
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү.
Жалпы мыйзамдарды билүү:
Башкы административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
4)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7)“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9)“Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
10)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Багыттар боюнча предметтик мыйзамдарды билүү:
1.Автомобиль жолдору багыты боюнча башкы кызмат орундардын тобуна:
1.Кесиптик билим деңгээли:
Архитектура жана курулуш тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: курулуш, шаар курулушу, гидротехникалык курулуш; Курулуш тармагында: өнөр жай жана жарандык курулуш, шаардык курулуш жана чарба, имараттарды долбоорлоо, курулушту механизациялоо жана автоматташтыруу, курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү; Транспорттук курулуш тармагында: темир жол курулушу, жол жана жол чарбасы, автомобиль жолдору жана аэродромдор, көпүрөлөр жана транспорттук тоннелдер.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Билимдери:
Иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары анын ичинен:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынан:
Кыргыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси 2022-жылдын 31-майындагы № 171.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
Автомобиль жолдору жөнүндө, Жол фонду жөнүндө, Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө.
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдору:
2021-жылдын 6-августундагы № 114 Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
2017-жылдын 24-августундагы № 538 Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
2009-жылдын 19-сентябрындагы № 597 Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын куруунун, жер пайдалануунун жана абатташтыруунун типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө;
2017-жылдын 17-августундагы № 512 Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибин бекитүү жөнүндө;
2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 Жол тармагынын системасын өзгөртүү боюнча чаралар жөнүндө;
2021-жылдын 28-октябрындагы №233 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө;
2022-жылдын 12-июлундагы № 379 Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө;
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө.
3.2.Билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— жетектөөчү түзүмдүк бөлүмдүн көйгөйлөрүн чечүүгө талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана мамилелерди интеграциялоо;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
— кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— милдеттерди чечүү үчүн новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү;
— конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3.Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийгендердин ортосунда тапшырмаларды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийгендерге сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
2.Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнүн кенже кызмат орундарынын тобуна (иштеген жери Бишкек ш, Чүй обл. Ош обл. )
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
Кесиптик билимдин деңгээли:
— Транспорттук техника жана технология тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер, транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо, транспорттук процесстердин технологиясы, темир жолдорунун кыймылдуу курамы; инженер-электрик; аскердик жана административдик башкаруу; кемелерди куралдандыруу; Жерде жүрүүчү транспортту эксплуатациялоо тармагында: автомобилдер жана автомобиль чарбасы, транспорттук жана технологиялык машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча); Транспорттук курулуш тармагында: темир жолдорду куруу, жол жана жол чарбасы, автомобиль жолдору жана аэродромдор; Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу тармагында: ташууларды уюштуруу жана транспортто башкаруу (түрлөрү боюнча), Курулуш тармагында: өнөр жай жана жарандык курулуш; Гуманитардык илимдер тармагында: юриспруденция.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Иш стажы талап кылынбайт.
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Билимдери:
Иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары анын ичинен:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынан:
Кыргыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси 2022-жылдын 31-майындагы № 171.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, Автомобиль транспорту жөнүндө, Темир жол транспорту жөнүндө, Автомобиль жолдору жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдорун:
2013-жылдын 3-майындагы № 239 Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
1999-жылдын 11-майындагы № 249 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы суу транспорту боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери;
2016-жылдын 11-апрели № 198 Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө;
2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө;
2012-жылдын 18-февралы № 108 Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө;
2018-жылдын 29-январы № 56 Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө.
— Бажы бирлигинин техникалык регламенттери:
Автомобиль жолдордун коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 014/2011), Дөңгөлөктүү унаалардын коопсуздугу жөнүндө (ТР ТС 018 / 2011), Кичинекей кемелердин коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 0026 / 2012), Айыл чарба жана токой чарбасынын тракторлорунун жана чиркегичтердин коопсуздугу жөнүндө (ТР ТС 031/2012), Темир жолдун кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 001/2011), Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 003/2011).
3.2.Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө:
3.3.Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.