Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппараттын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн административдик кызмат орундарынын кенже тобуна кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт:
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
— сүрөтү менен резюме (тел номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
— автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
— окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Конкурска катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча тапшыра алышат.
Конкурска катышуу үчүн документтер көктөлүп жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Адам ресурстары башкаруу жана уюштуруу бөлүмүнө төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Бишкек ш., Н.Исанов көч., 42, 305-кабинет.
Документтер 2025-жылдын 24-мартынан тартып 4-апрелге чейин (4-апрель — кабыл алуунун акыркы күнү) иш күндөрү саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин кабыл алынат. Кошумча маалымат (0312) 31 43 94 телефону жана КР ТКМ www.mtd.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин www.mkk.gov.kg расмий сайттарында.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга ачык конкурска катышууга жол берилбейт.
Квалификациялык талаптар:
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү.
Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Багыттар боюнча предметтик мыйзамдарды билүү:
Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнүн кенже кызмат орундарынын тобуна (иштеген жери Бишкек ш, Чүй обл., Ысык-Көл обл.,Ош обл. )
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
Кесиптик билимдин деңгээли:
— Транспорттук техника жана технология тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер, транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо, транспорттук процесстердин технологиясы, темир жолдорунун кыймылдуу курамы; инженер-электрик; аскердик жана административдик башкаруу; кемелерди куралдандыруу; Жерде жүрүүчү транспортту эксплуатациялоо тармагында: автомобилдер жана автомобиль чарбасы, транспорттук жана технологиялык машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча); Транспорттук курулуш тармагында: темир жолдорду куруу, жол жана жол чарбасы, автомобиль жолдору жана аэродромдор; Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу тармагында: ташууларды уюштуруу жана транспортто башкаруу (түрлөрү боюнча), Курулуш тармагында: өнөр жай жана жарандык курулуш; Гуманитардык илимдер тармагында: юриспруденция.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Иш стажы талап кылынбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Билимдери:
Иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары анын ичинен:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынан:
Кыргыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси 2022-жылдын 31-майындагы № 171.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, Автомобиль транспорту жөнүндө, Темир жол транспорту жөнүндө, Автомобиль жолдору жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө, Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдорун:
2013-жылдын 3-майындагы № 239 Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
1999-жылдын 11-майындагы № 249 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы суу транспорту боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери;
2016-жылдын 11-апрели № 198 Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө;
2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө;
2012-жылдын 18-февралы № 108 Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө;
2018-жылдын 29-январы № 56 Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө.
— Бажы бирлигинин техникалык регламенттери:
Автомобиль жолдордун коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 014/2011), Дөңгөлөктүү унаалардын коопсуздугу жөнүндө (ТР ТС 018 / 2011), Кичинекей кемелердин коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 0026 / 2012), Айыл чарба жана токой чарбасынын тракторлорунун жана чиркегичтердин коопсуздугу жөнүндө (ТР ТС 031/2012), Темир жолдун кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 001/2011), Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу жөнүндө (TР ТС 003/2011).
3.2. Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө:
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.