Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 631 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, КР ТИМнин бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак жарыялайт:
1.Биринчи саясий департаментинин атташеси;
2.Экинчи саясий департаментинин атташеси;
3.Үчүнчү саясий департаментинин атташеси;
4.Төртүнчү саясий департаментинин атташеси;
5.Экономикалык дипломатия департаментинин атташеси;
6.Экономикалык дипломатия департаментинин үчүнчү катчысы;
7.Санариптештирүү, документтер менен камсыздоо жана көзөмөлдөө департаментинин атташеси;
8.Тышкы саясатты талдоо жана пландаштыруу департаментинин атташеси;
9.Консулдук департаменттин атташеси;
10.Укуктук департаменттин атташеси;
11.Административдик бөлүмдүн жетектөөчү адиси;
12.Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси (иштөө пункту – Баткен ш.);
13.Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси (иштөө пункту – Манас ш.).

Ачык сынакка катышууга каалоо билдирген талапкерлер арызын электрондук форматта мамлекеттик «е-Kyzmat» порталынын (https://kyzmat.gov.kg) жеке кабинети аркылуу тапшыра алышат. Мамлекеттик «е-Kyzmat» порталында жеке кабинет түзүү жана бош орунга жооп берүү боюнча нускама төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: https://www.youtube.com/watch?v=QURPIVr6z_E.
Арызга электрондук форматта (сканерден өткөрүлгөн документтер) төмөнкү документтер тиркелет:
1.Электрондук арыз (система тарабынан автоматтык түрдө түзүлөт);
2.Ачык сынакка катышуу жөнүндө арыз (бош кызмат ордун жана тестирлөөдөн өтүү үчүн чет тилин так көрсөтүү менен. Жүктөп алуу үчүн шилтеме);
3.Паспорт (түп нускасы конкурстун ар бир баскычында көрсөтүлөт);
4.Резюме (бар болгон учурда);
5.Мамлекеттик тилди билүү деңгээли орточодон жогору (В2) деңгээлден төмөн эмес экендигин тастыктаган «Кыргызтест» системасынын сертификаты (бар болгон учурда);
6.Керектүү кесиптик билимди тастыктаган документ (билим жөнүндө документ);
7.Иш тажрыйбасын тастыктаган документ (эмгек китепчеси бар болгон учурда).

МААНИЛҮҮ: 2–7-пункттарда көрсөтүлгөн документтердин түп нускалары мамлекеттик «е-Kyzmat» порталынын жеке кабинети аркылуу «Кошумча маалымат/документ» бөлүмүнө жүктөлөт. Керектүү кесиптик билимдин жана иш тажрыйбасын бар экендигин тастыктаган документтердин түп нускалары (эмгек китепчеси бар болгон учурда) экинчи этап башталганга чейин Мамлекеттик агенттиктин Тестирлөө борборунда салыштыруу үчүн көрсөтүлөт.
Документтер 2026-жылдын 23-январынан тартып 6-февралын камтуу менен электрондук форматта мамлекеттик «е-Kyzmat» порталынын (https://kyzmat.gov.kg) жеке кабинети аркылуу кабыл алынат.
Кошумча маалыматтарды (0312) 62 50 87, 66 52 59, 0500 04 62 74 телефондору аркылуу, КР ТИМинин www.mfa.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин www.mkk.gov.kg расмий сайттарынан тактоого болот. Мамлекеттик «е-Kyzmat» порталында жеке кабинет түзүүдө жана документтерди жүктөөдө кыйынчылыктар жаралган учурда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан техникалык колдоо Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 207 дареги боюнча жайгашкан КР ТИМнин имаратынын фойесинде (Раззаков көчөсү тарабынан кирүү) уюштурулган.
Эскертүү: талаптарга жооп берген талапкерлер ачык сынакка катышууга чакырылат. Бул үчүн электрондук почтанын иштеп турган дарегин көрсөтүү жана мамлекеттик «е-Kyzmat» порталынын (https://kyzmat.gov.kg) жеке кабинетинде билдирүүлөрдү үзгүлтүксүз көзөмөлдөө зарыл. Ачык сынак боюнча бардык маалымат талапкерлердин электрондук почта даректерине жөнөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында www.mfa.gov.kg жарыяланат.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: Мамлекеттик «е-Kyzmat» порталы аркылуу арыз тапшырып, документтерди жана маалыматтарды толук эмес көлөмдө жүктөгөн жарандарга ачык сынакка катышууга жол берилбейт.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин дипломатиялык кызматынын административдик кызмат орундарынын топторуна квалификациялык талаптар
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар (үчүнчү катчы).
1. Билими:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясын.
– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын.
– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын.
– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын.
– “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын.
– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын.
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы.

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар (атташе, жетектөөчү адис)
1. Билими:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын.
– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы.

Биринчи саясий департаменттин атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар (К-А) – 1 бирдик
1. Кесиптик билим деңгээли:
– гуманитардык илимдер же экономика жана башкаруу багыты боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
Төмөнкүлөрдү билүү:
– «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролу жөнүндө» Жарлыгын;
– Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена Конвенциясын;
– Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена Конвенциясын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө; Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону.

Милдеттүү түрдө төмөнкү тилдерди билүү:
– мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– расмий тилин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– англис тилин.
Кошумча квалификациялык талаптар:
билгичтиги:
– дипломатиялык кат алышууну жана иш кагаздарын жүргүзүү;
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматты, суроо-талапка жоопту сапаттуу даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны иш жүзүндөгү иште колдонуу;
– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
– мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
– командада иштөө.
көндүмдөрү:
– аналитикалык документтерди түзүү;
– маалыматты талдоо, систематизациялоо жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулукка ээ болуу.

Экинчи саясий департаменттин атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар (К-А) – 1 бирдик
1. Кесиптик билим деңгээли:
– гуманитардык илимдер же экономика жана башкаруу багыты боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
Төмөнкүлөрдү билүү:
– «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролу жөнүндө» Жарлыгын;
– Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена Конвенциясын;
– Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена Конвенциясын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону.
Милдеттүү түрдө төмөнкү тилдерди билүү:
– мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– расмий тилин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– корей же жапон тилин.
Кошумча квалификациялык талаптар:
Билгичтиги:
-дипломатиялык кат алышууну жана иш кагаздарын жүргүзүү;
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматты, суроо-талапка жоопту сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны иш жүзүндөгү иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
-командада иштөө.
Көндүмдөрү:
-аналитикалык документтерди түзүү;
-маалыматты талдоо, систематизациялоо жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
-мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулукка ээ болуу.

Үчүнчү саясий департаменттин атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар (К-А) – 1 бирдик
1. Кесиптик билим деңгээли:
– гуманитардык илимдер боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
Төмөнкүлөрдү билүү:
– «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролу жөнүндө» Жарлыгын;
– Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена Конвенциясын;
– Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена Конвенциясын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө; Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону.
Милдеттүү түрдө төмөнкү тилдерди билүү:
– мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– расмий тилин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– англис, италиялык же немис тилин.
Кошумча квалификациялык талаптар:
Билгичтиги:
-дипломатиялык кат алышууну жана иш кагаздарын жүргүзүү;
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматты, суроо-талапка жоопту сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны иш жүзүндөгү иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
-командада иштөө.
Көндүмдөрү:
-аналитикалык документтерди түзүү;
-маалыматты талдоо, систематизациялоо жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
-мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулукка ээ болуу.

Төртүнчү саясий департаменттин атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар (К-А) – 1 бирдик
1. Кесиптик билим деңгээли:
– Эл аралык мамилелер же гуманитардык илимдер тармагында жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
Төмөнкүлөрдү билүү:
– «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролу жөнүндө» Жарлыгын;
– Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена Конвенциясын;
-Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена Конвенциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө; Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону.
Милдеттүү түрдө төмөнкү тилдерди билүү:
– мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– расмий тилин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– араб же фарси тилин (эркин).
Кошумча квалификациялык талаптар:
билгичтиги:
– дипломатиялык кат алышууларды жана иш кагаздарын жүргүзүү;
– ачык булактарды талдоо, кабыл алынган чечимдердин кесепеттерин болжолдоо;
– өз ишмердүүлүгүн натыйжалуу пландаштыруу;
– мамлекеттик жана расмий тилде ишкердик кат алышуу жүргүзүү;
– жогорку деңгээлдеги коммуникациялык жөндөмдүүлүк;
– тескеген өлкөлөрдүн маданий, диний жана тарыхый өзгөчөлүктөрүн түшүнүү жана урматтоо.
көндүмдөрү:
– аналитикалык документтерди түзүү, маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулукка ээ болуу;
– киберкоркунучтар, дезинформация, фейктер жана аларды аныктоо ыкмалары тууралуу маалымдуулук;
– оозеки жана жазма котормо жүргүзүү.

Экономикалык дипломатия департаментинин үчүнчү катчысы бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар – 1 бирдик (У-Б)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку экономикалык/юридикалык билими, экономикалык/юридикалык илимдер тармагындагы магистр даражасы барларга артыкчылык берилет;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1
жылдан кем эмес, же иш стажы тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес.
3. Кесиптик компетенциялары:
Төмөнкүлөрдү билүү:
– «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө», «Туризм жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролу жөнүндө» Жарлыгын;
– Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена Конвенциясын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө; Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону.
Милдеттүү түрдө тилдерди билүү:
– мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– расмий тилин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– англис, немис же француз тилдерин.
Кошумча квалификациялык талаптар:
билгичтиги:
-дипломатиялык кат алышууну жүргүзүү;
-опурталдуу кырдаалдарда чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;
-формалдуу жана формалдуу эмес жагдайда/жазуу жана оозеки түрдө пикирди/позицияны баяндоо, талкуулоо жана жактоо;
-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.
көндүмдөрү:
-ченемдик-укуктук актылар менен иш алып баруу, талдоо;
-аналитикалык документтерди иштеп чыгуу;
-жетекчиликтин чечимдерин ыкчам ишке ашыруу жана аларды аткаруунун сапаты үчүн жоопкерчилик тартуу, кабыл алынган чечимдердин кесепеттерине мониторинг жүргүзүү, контролдоо, талдоо жана болжолдоо;
-иштиктүү баарлашуу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ыкмаларын билүү;
-юриспруденциянын негиздерин билүү;
-мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулукка ээ болуу.

Экономикалык дипломатия департаментинин атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар – 1 бирдик (К-А)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– экономика/юридикалык илимдери, экономикалык/юридикалык илимдер тармагындагы магистр даражасы барларга артыкчылык берилет;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш стажы талап кылынбайт.
3. Кесиптик компетенциялары:
Төмөнкүлөрдү билүү:
– «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө», «Туризм жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролу жөнүндө» Жарлыгын;
– Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена Конвенциясын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө; Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону.
Милдеттүү түрдө тилдерди билүү:
– мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– расмий тилин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– англис тилин.
Кошумча квалификациялык талаптар:
билгичтиги:
-дипломатиялык кат алышууну жүргүзүү;
-опурталдуу кырдаалдарда чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;
-формалдуу жана формалдуу эмес жагдайда/жазуу жана оозеки түрдө пикирди/позицияны баяндоо, талкуулоо жана жактоо;
-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.
көндүмдөрү:
-аналитикалык документтерди иштеп чыгуу;
-жетекчиликтин чечимдерин ыкчам ишке ашыруу жана аларды аткаруунун сапаты үчүн жоопкерчилик тартуу, кабыл алынган чечимдердин кесепеттерине мониторинг жүргүзүү, контролдоо, талдоо жана болжолдоо;
-иштиктүү баарлашуу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ыкмаларын билүү;
-мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулукка ээ болуу.

Санариптештирүү, документтер менен камсыздоо жана контролдоо департаментинин атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар (К-А) – 1 бирдик
1. Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку кесиптик билим-техникалык (программалык инженерия жана/же колдонмо математика).
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө», «Электрондук кол тамга жөнүндө», «Электрондук башкаруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын кибер коопсуздугу жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө» Жарлыгын;
-Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена конвенциясын;
-Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена конвенциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдун алдындагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 «Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө» токтомун;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 744 «Мамлекеттик маалыматтык системалар менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө» токтомун.
Милдеттүү түрдө тилдерди билүү:
– мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– расмий тилин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– немис же англис тилин.
Билүү:
-Операциялык тутумдар (Linux, Windows, macOS) жана алардын коопсуздугу жөнүндө терең билим;
-Криптографиянын жана маалыматтарды коргоонун негиздери;
-Коргоо принциптери жана кол салууларды алдын алуу жолдору;
-Тармактык экрандар (firewalls), кол салууларды (IDS/IPS) аныктоо жана алдын алуу системалары менен иштөө;
-Фишинг, DDoS – чабуулдар, зыян келтирүү программалары, APT-коркунучтар ж. б. сыяктуу киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү актуалдуу коркунучтарды түшүнүү;
– Коопсуздук мониторингин жана талдоо жүргүзүү үчүн Wireshark, Metasploit, Nmap ж. б. сыяктуу ар кандай шаймандарды билүүсүнө жана бул багытта иш тажрыйбасынын болуусуна артыкчылык берилет.
Билгичтиги:
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– коопсуздук журналдарын талдоо жана чечмелөө;
– тармак түзмөктөрүн иштетүү жана башкаруу, ошондой эле тармактагы көйгөйлөрдү диагностикалоо жана жоюу;
– эмгектин жаңы шарттарына ыңгайлашуу.
Көндүмдөрү:
-иш кагаздарын жүргүзүү;
-аналитикалык документтерди, отчётторду жана иш пландарды түзүү;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, эл алдына чыгып сүйлөө;
– өзүнүн иш-аракеттерин кызматтык милдеттерине ылайык натыйжалуу пландаштыруу;
– конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
– мамлекеттик, расмий жана чет (англис) тилдеринде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;
– архивди системалаштыруу жана калыптандыруу;
– локалдык эсептөө системаларын башкаруу, компьютердик жана уюштуруу техникаларын системалык тейлөө;
– коопсуздук жаңжалына натыйжалуу жооп кайтаруу жана иликтөө иштерин жүргүзүү;
– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, зарыл болгон программалык продукттар менен иштөөнү мыкты билүү;
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулукка ээ болуу.

Тышкы саясатты талдоо жана пландаштыруу департаментинин Суу жана экологиялык дипломатия секторунун атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар (К-А) – 1 бирдик
1. Кесиптик билим деңгээли:
– Эл аралык мамилелер, Эл аралык укук жана саясат таануу тармагында жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролу жөнүндө» Жарлыгын;
– Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена Конвенциясын;
-Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена Конвенциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө; Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону.
Милдеттүү түрдө төмөнкү тилдерди билүү:
– мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– расмий тилин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– англис тилин.
– кошумча чет тилин билүү артыкчылык болуп саналат: немис, француз, италия.
Кошумча квалификациялык талаптар:
Билгичтиги:
– мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде иштиктүү кат алышууларды жана иш кагаздарын жүргүзүү; – жетекчиликтин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– маалыматтын чоң көлөмүнө талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу.
Көндүмдөрү:
– маалыматтык жана аналитикалык документтерди түзүү;
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар жана эл аралык документтер менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулукка ээ болуу.
Кошумча талаптар:
– жогорку коммуникативдик жөндөмдүүлүк, жаңы билим алууга даярдык, командада иштөөгө даярдык;
– ыкчамдыгы жана жүктөмү боюнча жогорку талаптардын шарттарында иштөө мүмкүнчүлүгү;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди куруу, кызматтык этикеттин ыкмаларын билүү, эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрү.

Консулдук департаменттин атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар (К-А) – 1 бирдик
Милдеттүү квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
– гуманитардык илимдер жаатында жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-«Тышкы миграция жөнүндө»; «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө»; «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»; «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө»; «Нотариат жөнүндө»; «Жарандык абалдын актылары жөнүндө»; «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана КРдин бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө» Жарлыгын;
-Дипломатиялык мамилелер жөнүндө1961-жылдагы Вена конвенциясын;
-Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена конвенциясын;
-Эл аралык келишимдердин укуктары жөнүндө 1969-жылдагы Вена конвенциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдун алдындагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобосун;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускамасын;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 токтому менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жобону;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жобону;
-Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 267-б буйругу менен бекитилген чет өлкөдө жүргөн КР жарандарын каттоо жана консулдук эсепке алуу тартибин;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускамасын;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 60 токтому менен бекитилген Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 74 токтому менен бекитилген КРдин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу документтерди талап кылуунун тартиби жөнүндө нускаманы;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жобону.
Милдеттүү түрдө тилдерди билүү:
– мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– расмий тилин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– англис же кытай тилин.
Кошумча квалификациялык талаптар:
билгичтиги:
-иш кагаздарын жүргүзүү;
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматты, суроо-талапка жоопту сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү багыттагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
-командада иштөө.
көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
-мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулукка ээ болуу.
Артыкчылыгы:
– кошумча (жапон, корей, немис) чет тилин билүү;
– дипломатиялык кызмат органдарында референттик/такшалма;
– командировкаларга чыгуу мүмкүнчүлүгү.

Укуктук департаментинин атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар (К-А) – 1 бирдик.
Милдеттүү квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
– «Юриспруденция/укук таануу», «Эл аралык укук» адистиктери боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялары:
Төмөнкүлөрдү билүү:
– «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
– Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена Конвенциясын;
– Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена Конвенциясын;
– Эл аралык келишимдердин укуктары жөнүндө 1969-жылдагы Вена конвенциясын;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 25 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, токтото туруу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) тартиби жөнүндө жобону;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону.
Милдеттүү түрдө тилдерди билүү:
– мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– расмий тилин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– француз же англис тилин.

Кошумча квалификациялык талаптар:
билгичтиги:
– иш кагаздарын жүргүзүү;
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
– мамлекеттик жана/же расмий тилде иштиктүү кат алышуу;
– командада иштөө.
көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар, эл аралык келишимдер менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулукка ээ болуу.

Административдик бөлүмдүн жетектөөчү адис бош кызмат ордуна карата квалификациялык талаптар (К-А) – 1 бирдик
Милдеттүү квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку билим – эл аралык мамилелер, экономика, каржы юриспруденция.
2. Кесиптик компетенциялар:
Билүү:
-«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө», «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө; Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону.
Тилдерди милдеттүү түрдө билүү:
– мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
-расмий тилин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
-англис тилин.
Кошумча квалификациялык талаптар:
Билгичтиги:
-маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-сатып алуу жол-жоболорун жүргүзүү;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикалык колдонуу;
-ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
-мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулукка ээ болуу.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар (иштөө пункту – Баткен ш.) (К-А) – 1 бирдик
Милдеттүү квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
– гуманитардык илимдер жаатында жогорку кесиптик билими.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– эмгек стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялары:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө»;
-«Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө»;
-«Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;
-«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө»;
-«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын.
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө» Жарлыгын;
-Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена конвенциясын;
-Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена конвенциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдун алдындагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону;
-КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 токтому менен бекитилген Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан аларга теңештирилген башка өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин аккредитациялоонун тартиби жөнүндө жобо;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманы.
Милдеттүү түрдө тилдерди билүү:
– мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– расмий тилин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– англис, корей же кытай тилин.
Кошумча квалификациялык талаптар:
билгичтиги:
-дипломатиялык кат алышууну жана иш кагаздарын жүргүзүү;
-маалыматты жыйноо, талдоо, систематизациялоо жана жалпылоо;
-тиешелүү жааттагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
-кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-эмгектин жаңы шарттарына адаптациялоо.
көндүмдөрү:
– жумушчу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү уюштуруу жана өткөрүү;
-аналитикалык документтерди түзүү;
-ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
-башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
-мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулукка ээ болуу.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар (иштөө пункту – Манас ш.)(К-А) – 1 бирдик
Милдеттүү квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
– гуманитардык илимдер жаатында жогорку кесиптик билими.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялары:
Төмөндөгүлөрдү билүү:
-«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө»;
-«Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө»;
-«Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
-«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө»;
-«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын.
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө» Жарлыгын;
-Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена конвенциясын;
-Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена конвенциясын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдун алдындагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону;
-КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 токтому менен бекитилген Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан аларга теңештирилген башка өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин аккредитациялоонун тартиби жөнүндө жобо;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманы.
Милдеттүү түрдө тилдерди билүү:
– мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– расмий тилин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
– англис, корей же кытай тилин.

Кошумча квалификациялык талаптар:
билгичтиги:
-дипломатиялык кат алышууну жана иш кагаздарын жүргүзүү;
-маалыматты жыйноо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
-кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына адаптациялоо.