Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Баткен облустук статистика башкармалыгынын Кадамжай райондук статистика бөлүмүнүн
улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө
кадрлар резервине ачык сынак жарыялайт
— улук административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөө (У-А, У-Б) үчүн жалпы квалификациялык талаптар
Кадамжай райондук статистика бөлүмүнүн административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А, У-Б):
- Кесиптик билим деңгээли:
-жогорку кесиптик билими; — «Экономика жана менеджмент» «Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика»; «Компьютердик инженерия жана маалыматтык технологиялар», “айыл чарба илимдери” бардык багыттары боюнча;
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
— -мамлекеттик жана /жэ муниципалдык кызматтагы иш стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
— Негизги тестирлөө үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды билүү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Малекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнундө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жургүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик тестирлөө үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү зарыл:
-«Расмий статистика жөнүндө»; «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
—Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы №178 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук статитика комитети жөнүндө” Жобо;
— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматынын кадрдык резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн тартиби, аны түзүү жана иштеши жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген 2022-жылдын 2-февралындагы № 24.
Көндүмдөр:
— жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо- талаптарга жоопторду сапатту даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана дайындоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө;
— статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;
— кесиптик этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;
Көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.
Кадамжай райондук статистика бөлдүмүнүн административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А, К-Б):
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
— негизги тестирлөө үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды билүү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.“Малекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жургүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик тестирлөө үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү зарыл:
— «Расмий статистика жөнүндө»; «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы №178 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук статитика комитети жөнүндө” Жобо;
— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматынын кадрдык резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн тартиби, аны түзүү жана иштеши жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген 2022-жылдын 2-февралындагы № 24.
- Кесиптик билим деңгээли:
— жогорку кесиптик билими; — «Экономика жана менеджмент» «Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика»; «Компьютердик инженерия жана маалыматтык технологиялар», “Айыл чарба илимдеринин баардык багыттары боюнча”;
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
Көндүмдөр:
— жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо- талаптарга жоопторду сапатту даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана дайындоо;
рассмотрения и подготовки ответов по обращениям граждан;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө;
— кесиптик этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат, документерди атайын папкага (Дело№) көктөп тапшыруу керек:
— өзүнүн арызы административдик кызматтын тобун көрсөтүү менен;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
— өздүк таржымал (сотуулугу бар же жок экендиги жөнундө малыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— папорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана ачык сынакка катышууга чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.
Сынакка катышуу үчүн керектүу документерди 2024-жылдын 30-декабрынан 2025-жылдын 15-январына чейин саат 9.00дон 17:00 го чейин төмөнкү дарекке тапшыруу керек, Баткен облусу, Баткен шаары, Н.Дыйканов көчөсү,1 үй. Түшку тыныгуу убагы 12.00дон 13.00го чейин: (ишемби жана жекшемби күндөрүнөн тышкары) Сурап билүү телефону: (03622) 5-08-76, 0556657605
Мамлекеттик жарандык кызматка кабыл алуу кадрдык резервден бош кызмат ордуна талапкерди дайындоо жолу менен жүргүзүлөт.