“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, административдик мамлекеттик кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

– кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө (К-А, К-Б);

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топтору үчүн жалпы квалификациялык талаптар

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) мамлекеттик жарандык кызмат үчүн – 21 жаштан жаш болбоого;

3) кадрлардын резервине киргизүү үчүн мыйзамда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын.

Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли: багыттар боюнча жогорку кесиптик билим:

– жогорку кесиптик билими; – “Экономика жана башкаруу” багыты боюнча; “Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика”, “Фундаменталдык информатика жана информациялык технологиялар”;  “Айыл чарба жана айыл чарба илимдери” багыттары боюнча баары.

Иш стажы жана тажрыйбасы: иш стажына талаптар коюлбайт.
Кесиптик компетенциялар:
Билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын: «Расмий статистика жөнүндө»; «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө»;
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жобосу”

Жөндөмдүүлүк:

– маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны     практикада колдонуу;

– кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу;

– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– жаңы эмгек шарттарына көнүү;

– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

– мамлекеттик же/жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

– командада иштөө.

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

– электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

– издөө системаларын колдонуу;

– ар кандай браузерлер менен иштөө;

– кесиптик этиканын стандарттарын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

– оргтехника менен иштөө;

– көчүрүүчү машиналар менен иштөө;

– принтер менен иштөө;

– сканер менен иштөө;

– проектор же интерактивдүү доска менен иштөө;

– факс менен иштөө.

Көндүмдөр:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер (атайын папкада тиркелген):

– Өздүк арызы;

– Таржымал (резюме) сүрөтү жана электрондук дареги, телефон номерин көрсөтүү менен;

– Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы (сүрөтү менен);

– Өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– Негизги жана кошумча билими жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн);

– Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн);

– Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– Сунуштама кат (мүмкүнчүлүк болсо артыкчылык берилет);

– Паспорттун көчүрмөсү.

 

Документтер 2025-жылдын 3-мартынан тартып 14-мартына чейин кабыл алынат. Иш убактысы саат 8:30дан 17:30га чейин.

Дареги: Каракол  ш., Орозова к. 5, Ыcык-Кѳл облустук статистика башкармалыгы, байланыш телефондор: 03922 5-29-45

Конкурс https://stat.gov.kg , https://mkk.gov.kg сайттарында жарыяланат.