Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Бишкек шаардык статистика башкармалыгынын кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
— Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
— 21 жаштан жаш эмес болууга;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
1. Тармактык статистикасында улук топтогу (У-Б) административдик кызмат орундарын ээлөө үчүн квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
— жогорку билими багыттар боюнча: “экономика жана башкаруу”, “Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика”, “эсептөө техникалары жана информациялык технологиялар”
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
3.2. Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү:
— электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү;
— издөө системаларын колдоно билүү;
— ар кандай браузерлер менен иштөө;
— кызматтык этиканын стандарттарын эске алуу менен, коомдук тармактарда туура өз ара аракеттенүү;
— кеңсе техникалары менен иштөө;
— көчүрүү, чыгаруу, сканерлөөчү аппараттары менен иштөө;

4. Жөндөмдүүлүк:
— жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү тармакта Ата-Мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иш-чараларда колдонуу;

— кызматтык милдеттерге ылайык иш-аракеттерди натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана жооп даярдоо;
— статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалыматтарды өндүрүү

Жалпы мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 03-мартындагы
№120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Предметтик мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын “Расмий статистикасы жөнүндө” Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22- сентябрындагы №178 жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө” Жобосу.

2. Тармактык статистикасында кенже топтогу (К-А, К-Б) административдик кызмат орундарын ээлөө үчүн квалификациялык
талаптар:

1. Кесиптик билим деңгээли:
— жогорку билими багыттар боюнча: “экономика жана башкаруу”, “Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика”, “эсептөө техникалары жана информациялык технологиялар”
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.

3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
3.2. Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү:

— электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү;
— издөө системаларын колдоно билүү;
— ар кандай браузерлер менен иштөө;
— кызматтык этиканын стандарттарын эске алуу менен, коомдук тармактарда туура өз ара аракеттенүү;
— кеңсе техникалары менен иштөө;
— көчүрүү, чыгаруу, сканерлөөчү аппараттары менен иштөө;

4. Жөндөмдүүлүк:
— жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү тармакта Ата-Мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иш-чараларда колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык иш-аракеттерди натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана жооп даярдоо;
— статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалыматтарды өндүрүү.
Жалпы мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 03-мартындагы
№120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Предметтик мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын “Расмий статистикасы жөнүндө” Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22- сентябрындагы №178 жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө” Жобосу.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер (атайын папкада тиркелген):
— Административдик кызматтын тобу көрсөтүлгөн өздүк арыз;
— Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы (сүрөтү менен);
— Таржымал (резюме) электрондук дареги, телефон номерин көрсөтүү менен;
— Өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— Соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымкат;

— Негизги жана кошумча билими жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү (нотариус тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн);
— Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн);
— Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы конкурска келгенде көрсөтүүлөт).
Ачык конкурска катышуу үчүн документтери, байланышуу маалыматтары (телефон номери, электрондук дареги) туура жана так берилген талапкерлер чакырылат.
Документтерин толук пакетин тапшырбаган же коюлган талаптарга жооп бербеген талапкерлер сынакка катыша алышпайт.

Документтер (атайын тиркелген папкада) иш күндөрү саат 09:00дон 17:00го чейин 2025-жылдын 03-апрелинен тартып 16-апрелине (кошо) чейин кабыл алынат.
Дареги: Бишкек ш., Токтогул к. 97, №18-кабинети, байланышуу телефондору: 66-31-27, 66-28-39
Түшкү тыныгуу: 12:00-13:00