Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кара-Суу райондук статистика башкармалыгына, Алай, Араван, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай райондук статистика бөлүмдөрүнө Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык, административдик мамлекеттик улук кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: – улук административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө квалификациялык талаптар (У-А, У-Б): – Кыргыз Республикасынын жараны болууга; – мамлекеттик жарандык кызмат үчүн – 21 жаштан жаш болбоого; – кадрлардын резервине киргизүү үчүн мыйзамда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө. Мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы. Кесиптик билими: – жогорку билим: (“Экономика жана башкаруу”, “Экономист”, “Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика” багыты боюнча, “Фундаменталдык информатика жана информациялык технологиялар”, “Айыл чарба жана айыл чарба илимдери” багыттары боюнча). Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенциялар: – төмөнкүлөрдү билүү: Тиешелүү тармактарды мыйзамдарды: – Кыргыз Республикасынын: “Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жобосу”; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобосу; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” № 308 Жарлыгы. Билгичтиги: – маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу; – кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу; – ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – жаңы эмгек шарттарына көнүү; – жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; – документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; – кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; – жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; – мамлекеттик же/жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; – командада иштөө. – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. – электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү; – издөө системаларын колдонуу; – ар кандай браузерлер менен иштөө; – кесиптик этиканын стандарттарын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө; – оргтехника менен иштөө; – көчүрүүчү машиналар менен иштөө; – принтер менен иштөө; – сканер менен иштөө; – проектор же интерактивдүү доска менен иштөө; – факс менен иштөө. Көндүмдөрү: – Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу; – Ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү; – Компьютердик жана уюштуруу техникасын, ошондой эле керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү; – Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк). Сынакка катышуу үчүн төмөнкүдөй ырааттуулукта (атайын папкада) тиркелген документтер берилет: – жеке арыз; – кадрдык өздүк баракчасы; – сүрөт (3х4) (2 даана) – резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен); – өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – дипломдун көчүрмөсү (нотариус аркылуу тастыкталган), – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус аркылуу тастыкталган); – паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы тестирлөөгө келгенде көрсөтүлөт) Талапкерлердин байланыш маалыматтары (электрондук дарек, телефон номер) так көрсөтүлүшү керек. Документтер 2025-жылдын 27-октябрынан баштап 10-ноябрына чейин (ишемби жана жекшембиден тышкары) саат 8:30дан 17:30га чейин (тыныгуу 12:00-13:00) төмөнкү даректе кабыл алынат: Дареги: Ош шаары, Курманжан-Датка көчөсү – 236, Ош облустук статистика башкармалыгы, имараттын 3-кабаты, 316-кабинет. Байланыш тел. номуру: 03222 7-10-22 Сынак өтүү күнү жана өтүү орду кошумча маалымдалат. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын региондук башкармалыктарына башкы жана улук мамлекеттик административдик жарандык кызмат орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.