Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кара-Суу райондук статистика башкармалыгына, Алай, Араван, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай райондук статистика бөлүмдөрүнө Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык, улук административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиш керек:

Улук административдик мамлекеттик кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А, У-Б):

– Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

– мамлекеттик жарандык кызмат үчүн – 21 жаштан жаш болбоого;

– кадрлардын резервине киргизүү үчүн мыйзамда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

Мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

 

Кесиптик билими:

– жогорку билими: (Экономика жана башкаруу,физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, фундаменталдык информатика жана информациялык технологиялар,  айыл чарба жана айыл чарба илимдери ).

Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенциялар:
– төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын: “Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жобосу”;

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобо;

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабры № 308 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” Жобо.

 

билгичтиги:

– маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны     практикада колдонуу;

– кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу;

– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– жаңы эмгек шарттарына көнүү;

– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

– мамлекеттик же/жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

– командада иштөө.

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

– электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

– издөө системаларын колдонуу;

– ар кандай браузерлер менен иштөө;

– кесиптик этиканын стандарттарын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

– оргтехника менен иштөө;

– көчүрүүчү машиналар менен иштөө;

– принтер менен иштөө;

– сканер менен иштөө;

– проектор же интерактивдүү доска менен иштөө;

– факс менен иштөө.

көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, ошондой эле керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк).

Конкурска катышууга ниеттенген талапкерлер арызды электрондук форматта «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg/ жеке кабинети аркылуу тапшыра алышат. Арызга документтер электрондук форматта (сканерленген документтер) же скоросшивателге тигилген кагаз түрүндөгү форматта тиркелүүгө тийиш:

– административдик кызмат орундарынын тобун көрсөтүү менен жеке арыз;

– резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);

– автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– дипломдун көчүрмөсү (түп нускасын көрсөтүү менен);

– негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш тажрыйбасы бар болсо):

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт)

Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так көрсөтүлүшү керек.

Мамлекеттик жарандык кызматка кирүү кадрлар резервиндеги бош кызмат ордуна талапкер болгон талапкерди дайындоо жолу менен жүзөгө ашырылат.

Конкурс жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун веб-сайтына https://stat.gov.kg/ жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин сайтында https://mkk.gov.kg жайгаштырылды.

Делого тиркелген документтерди 2026-жылдын 4-февралынан баштап 16-февралына чейин (ишемби жана жекшембиден тышкары) саат 8:30дан 17:30га чейин (тыныгуу 12:00-13:00) төмөнкү даректе кабыл алынат:

Дареги: Ош шаары, Курманжан-Датка көчөсү 236, Ош облустук статистика башкармалыгынын имараты, 3-кабат, 316-кабинет. Байланыш номуру: 03222 7-10-22

Сынак өтүү күнү жана өтүү орду кошумча маалымдалат.