Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары — КРФМ) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын башкы, улук жана кенже топторунун административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине ачык конкурстук таңдоо жарыялайт.

КРФМ кадрлар резервине таңдоо:
— башкы топтогу административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөө үчүн;
— улук топтогу административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөө үчүн;
— кенже топтогу административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөө үчүн жүргүзүлөт.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер:
1)Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2)21 жаштан кем эмес болууга;
3)кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бериүүгө тийиш.

Мамлекеттик жарандык кызматтын бардык административдик кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү — орто деңгээлден жогору (В2) (билгени абзел).
Компьютер жана мобилдик жабдыктар менен иштөө
Билгичтиги:
Текст, графика жана таблица редакторлору менен иштөө.
Файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, өчүрүү жана калыбына келтирүү).
Тышкы перифериялык жабдыктарды туташтыруу.
Диск мейкиндикти тазалоо (архивтештирүү).

Компьютердик жана социалдык тармактардагы иш: маалымат издөө, алмашуу жана сактоо) (Интернет, электрондук почта ж.б.)
Билгичтиги:
•Электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү.
•Издөө системаларын колдонуу.
•Ар кандай браузерлерди колдонуу.
•Кызмат этикасынын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү.

Көлөмдүү маалымат массивдери менен иштөө: маалыматтарды иштетүү жана жаңы маалыматтарды түзүү.
Билгичтиги:
•Маалыматтардын жогорку өзгөрүү ылдамдыгы жана маалыматтардын ар түрдүүлүгү шартында маалымат базалары менен иштөө.
•Статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат түзүү.
•Файлдардын өлчөмүн кичирейтүү жана чоң көлөмдөгү маалыматтарды жөнөтүү/кабыл алуу.

Маалымат жана маалыматтарды көрсөтүү
Билүү жана билгичтиги:
• Презентацияларды уюштуруу.
• Эсептөөлөр менен байланышкан сандык маалыматтар менен иштөө.
• Маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө көрсөтүү.

Колдонмо программалык продуктуларды жана сервистерди пайдалануу
Билгичтиги:
•Кыргыз Республикасынын укуктук мыйзам базасынын маалымат системаларын пайдалануу.
•Веб-конференция байланыш колдонмолорун пайдалануу.
•Видео материалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-колдонмолорду колдонуу.
•Текстти оңдоо жана редакциялоо.
Офистик техника менен иштөө билүүсү: көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү такта, факс.

Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
1)кесиптик билим деңгээли:
— жогорку юридикалык билими;
2)иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан үч жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы беш жылдан кем эмес;
3)кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, адам ресурстарын башкаруу жаатында ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:
˗ “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
˗ “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө», «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
˗ 2012-жылдын 24-октябрындагы №748 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө”, 2017-жылдын 14-мартындагы №152 “Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; 2013-жылдын 7-майындагы №255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору;
˗ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
˗ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №253 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жобосу;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
— чет тилин билүү артыкчылык болуп саналат.
Билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
1)кесиптик билим деңгээли:
— жогорку юридикалык билими;
2)иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан бир жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы үч жылдан кем эмес;
3)кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын,ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:
˗ “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө», «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
˗ 2012-жылдын 24-октябрындагы №748 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө”, 2017-жылдын 14-мартындагы №152 “Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; 2013-жылдын 7-майындагы №255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору;
˗ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
˗ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №253 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жобосу;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
— чет тилин билүү артыкчылык болуп саналат.
Билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
1)кесиптик билим деңгээли:
— жогорку юридикалык билими;
2)иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлган эмес;
3)кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
-Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:
˗ “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
˗ 2017-жылдын 14-мартындагы №152 “Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; 2013-жылдын 7-майындагы №255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору;
˗ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
˗ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №253 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жобосу;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
— чет тилин билүү артыкчылык болуп саналат.
Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө:
— көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат үчүн башкы административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тест тапшырмаларын түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси.
Жалпы мыйзамдарды билүү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7)“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8)“Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
Предметтик мыйзамдарды билүү:
˗ “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
˗ “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө», «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
˗ 2012-жылдын 24-октябрындагы №748 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө”, 2017-жылдын 14-мартындагы №152 “Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; 2013-жылдын 7-майындагы №255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору;
˗ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
˗ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №253 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жобосу.
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат үчүн улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тест тапшырмаларын түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси.
Жалпы мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
Предметтик мыйзамдарды билүү:
˗ “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө», «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
˗ 2012-жылдын 24-октябрындагы №748 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө”, 2017-жылдын 14-мартындагы №152 “Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; 2013-жылдын 7-майындагы №255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору;
˗ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
˗ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №253 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жобосу.
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат үчүн кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тест тапшырмаларын түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси.
Жалпы мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
Предметтик мыйзамдарды билүү:
˗ “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
˗ 2017-жылдын 14-мартындагы №152 “Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; 2013-жылдын 7-майындагы №255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору;
˗ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
˗ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №253 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жобосу;.

Таңдоого катышуу үчүн (Дело №) папкага тиркелген төмөнкү документтер ирети менен тапшырылсын:
— өзүнүн жеке арызы;
— резюме сүрөтү менен (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— соттолбогону тууралуу маалымкат;
Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам автоматташтырылган маалыматтык системалар аркылуу талапкердин инсандыгын аныктайт.
Документтери ачык таңдоого андан ары катышуу үчүн талаптарга жооп берген гана талапкерлер чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүүгө тийиш.

Документтер 2025-жылдын 19-февралынан 28-февралына чейин саат 10:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 58, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, 105-кабинет дареги боюнча кабыл алынат. Тыныгуу убактысы – саат 12:30дөн 13:30гө чейин.