Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы кредиттик фонд Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, борбордук аппараттын экономикалык жана укуктук блокторунун улук жана аймактык органдарынын улук жана кенже топторунун административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык тандоо сынагын жарыялайт.
Административдик мамлекеттик жарандык кызматтын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик кызматтын улук топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызматтык кенже топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызматтын бардык топтору үчүн:
•өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү.
• компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон Microsoft Office программалык продуктыларды (Word, Excel, PowerPoint) жана «ТОКТОМ Мамлекеттик Про» маалыматтык -укуктук системасынын продуктылары менен иштөөнү билүүгө тийиш.
Административдик кызматтын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Стажы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес эмгек стажы болууга тийиш;
Административдик кызматтын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Стажы жана иш тажрыйбасы:
– иш тажрыйбасына талап коюлбайт.
Кесиптик билим деӊгээли:
1.Укуктук блок:
– юридикалык жогорку билим.
2.Экономикалык блок:
— финансы, экономика жаатындагы жогорку билим.
3. Аймактык органдар:
— финансы, экономика, юриспруденция же мамлекеттик башкаруу жаатындагы жогорку билим.
Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларын билүү:
1.Укуктук блок:
— «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодекси, Кылмыш-жаза кодекси, Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө кодекси”;
— Кыргыз Республикасынын «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Сот аткаруучулардын аткаруу өндүрүшү жана статусу жөнүндө», «Күрөө жөнүндө», «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө», “Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү, укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин регламенти, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын реглдаменти, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин регламенти;
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускама;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускама;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-мартындагы № 152 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-январындагы №253 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтому менен бекитилген Финансы министрлигине караштуу Финансы – кредиттик фонд жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчүбюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 токтому менен бекитилген Улуттук экономиканын субьекттерине кепилдик берүү тартиби;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл көлөмдө мамлекеттикжана/же расмий тилдерди, башка билими.
2. Экономикалык блок:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси,
Кыргыз Республикасынын «Күрөө жөнүндө», «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө», «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү, укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-январындагы №253 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтому менен бекитилген Финансы министрлигине караштуу Финансы — кредиттик фонду жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчүбюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 токтому менен бекитилген Улуттук экономиканын субьекттерине кепилдик берүү тартиби;
3.Аймактык органдар:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын «Күрөө жөнүндө», «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө», “Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү, укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-январындагы №253 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчүбюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтому менен бекитилген Финансы министрлигине караштуу Финансы — кредиттик фонду жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 токтому менен бекитилген Улуттук экономиканын субьекттерине кепилдик берүү тартиби;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздары боюнча типтүү нускама;
Жөндөмү:
— маалыматты чогултуу, талдоо, системага салуу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— жаӊы эмгек шарттарына көнүү.
Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
— башкаруу чечимдерин ыкчам жүзөгө ашыруу;
— компьютер жана оргтехника, зарыл программалык продуктулар менен иштей билүү.
Тандоого катышуу үчүн төмөндөгү ырааттама боюнча көктөмөгө (Дело №) тиркелген документтер тапшырылууга тийиш:
1)мамлекеттик кызматтын тиешелүү тобун көрсөтүү менен жеке арызы;
2)резюме (электрондук дареги, телефону көрсөтүлүүгө тийиш);
3)кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
4) өмүр баяны (соттуулугу жок экендиги тууралуу маалымат көрсөтүлүүгө тийиш);
5) негизги жана кошумча (эгерде, бар болсо) билимин тастыктоочу документтеринин нотариалдык же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
6) эмгек китепчесинин (эгерде, иш стажы бар болсо) нотариалдык же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
7) окумуштуулук даражасы же окумуштуулук наамы тууралуу документтеринин көчүрмөсү (эгерде, бар болсо);
8) паспортунун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);
9) фото 3х4 (кызыл фондо).
Ачык сынакка мындан ары катышуу үчүн документтери көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Документтер 2025-жылдын 14-мартынан тартып 25-мартта саат 17.00 чейин, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58-А, 106 – иш бөлмө (Борбордук казыналыктын имараты) дареги боюнча кабыл алынат, тел.62-11-47, 66-40-33.
Борбордук мамлекеттик органдарга сынактар (Бишкек шаары боюнча)
Борбордук мамлекеттик органдарга сынактар (Бишкек шаары боюнча)
Вакансии по центральным государственным органам (по г.Бишкек)