Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын кадрлар резервине улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөө үчүн ачык конкурстук тандоо жарыялайт
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) кеминде 21 жашта болууга;
3) кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш.

Мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттин тапшырмаларын түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси (аудиторлор):
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)”Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)“Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн квалификациялык талаптар (аудиторлор):
1.Кесиптик билиминин деңгээли:
-жогорку экономикалык билим же башка (экономикалык эмес) билим;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине коюлган талаптарга жооп берген ички аудитордун квалификациялык сертификаты.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
-экономикалык адистиги боюнча мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик компетенциясы:
Билими (предметтик мыйзамдарды билүүсүнө тесттик тапшырмаларды түзүүдө пайдаланылуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси):
– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамы;
– “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтому менен бекитилген Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө жобо;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 721 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттары;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 722 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө жобо;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-сентябрындагы № 112-Б “Кыргыз Республикасында ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругу;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2008-жылдын 17-мартындагы №54-Б буйругу менен бекитилген Ички аудит боюнча колдонмо;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 28-декабрындагы №212-Б буйругу менен бекатилген Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик программасын түзүү боюнча колдонмо.
Жөндөмдөр:
-Кызматтын стратегиялык пландарын иштеп чыгуу;
-Бөлүмдүн пландарын жана отчетторун түзүү;
-ички аудитти жүргүзүүнү пландоо жана уюштуруу;
-ички аудиттин объектисинин ишинде тобокелдиктерди башкаруу процесстерин баалоо жана өркүндөтүү;
-ички аудит объектисинде ички контроль системасынын натыйжалуулугун жана майнаптуулугун баалоо;
-ички аудит объектисинин финансылык-чарбалык иши, жумуш процесси жана ички контроль системасы жөнүндө маалыматты топтоо, талдоо, баалоо жана документтештирүү;
-жумуш процесстерин баяндоо, талдоо жана жакшыртуу боюнча ишти уюштуруу;
-ички аудиттин жыйынтыктары боюнча отчетторду түзүү;
-ички аудит объектисинин кызматкерлерине ички аудиттин функцияларын түшүндүрүү;
-маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны иш жүзүндө колдонуу;
-жамааттар менен натыйжалуу кызматташуу;
-кызматтык документтерди мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо;
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышууну жүргүзүү;
-командада иштөө.
Көндүмдөр:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды күнүмдүк ишинде колдонуу;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү;
-кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында сүйлөө;
-башкаруучу чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
-мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуу болуу.

Мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттин тапшырмаларын түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси (жазма буйруктардын жана сунуштамалардын аткарылышын контролдоо жана талдоо бөлүмүнүн улук топтогу кызматы үчүн):
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн квалификациялык талаптар (жазма буйруктардын жана сунуштамалардын аткарылышын контролдоо жана талдоо бөлүмүнүн улук топтогу кызматы үчүн)
1.Кесиптик билиминин деңгээли:
– жогорку экономикалык билим же башка (экономикалык эмес) билим.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
-экономикалык адистиги боюнча мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциясы:
Билими (предметтик мыйзамдарды билүүсүнө тесттик тапшырмаларды түзүүдө пайдаланылуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси):
– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
– “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтому менен бекитилген Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө жобо;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 721 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттары;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 722 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө жобо;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-сентябрындагы № 112-Б “Кыргыз Республикасында ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругу;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2008-жылдын 17-мартындагы №54-Б буйругу менен бекитилген Ички аудит боюнча колдонмо;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 28-декабрындагы №212-Б буйругу менен бекатилген Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик программасын түзүү боюнча колдонмо.
Жөндөмдөр:
-Кызматтын стратегиялык пландарын иштеп чыгуу;
-Бөлүмдүн пландарын жана отчетторун түзүү;
-ички жана тышкы аудиттин натыйжалары боюнча маалыматтарды талдоону жүргүзүү;
-ички аудит боюнча колдонуудагы методологияга дал келүү аудитинин процедураларын жол-жоболоштурууну баалоону жүргүзүү;
-ички аудитти жүргүзүүнү пландаштыруу жана уюштуруу;
-ички аудит объектисинин ишмердүүлүгүндөгү тобокелдиктерди башкаруу процесстерин баалоо жана жакшыртуу;
-ички аудит объектисинде ички контролдоо тутумунун эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун баалоо;
-ички аудит объектисинин финасылык-чарбалык ишмердүүлүгү, жумуш процесси жана ички контрол тутуму жөнүндө маалыматты топтоо, талдоо, баалоо жана документтештирүү;
-жумуш процесстерин баяндоо, талдоо жана жакшыртуу боюнча ишти уюштуруу;
-ички аудиттин жыйынтыктары боюнча отчетторду калыптоо;
-ички аудит объектисинин кызматкерлерине ички аудиттин функцияларын түшүндүрүү;
-маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны иш жүзүндө колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-кызматтык документтерди мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо;
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
-сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышууну жүргүзүү;
-командада иштөө.

Көндүмдөр:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды күнүмдүк ишинде колдонуу;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү;
-кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында сүйлөө;
-башкаруучу чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
-мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуу болуу.

Конкурска катышууну каалаган адамдар “e-Kyzmat ” https://kyzmat.gov.kg/ мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет, өтүнмөгө электрондук форматындагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет же көктөмөгө тигилген кагаз түрүндөгү документтер тиркелет:
– КР ФМга караштуу Ички аудит кызматынын конкурстук комиссиясынын төрагасынын атына мамлекеттик кызмат орундарынын тобун көрсөтүү менен жеке арыз;
– сүрөтү бар резюме (электрондук почтаны жана соттолгондугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);
– акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
– акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
– окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
– ички аудитордун квалификациялык сертификатынын көчүрмөсү (сертификаттын түп нускасы менен кошо көрсөтүлөт – аудиторлор үчүн);
– соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат.
Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.
Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.
Документтер 2025-жылдын 10-декабрынан 19-декабрына чейин саат 10-00 дөн 17-00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Киев көч., 96 “б”, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы, каб. 320, Тел. 62-01-83, тыныгуу саат 12-30дөн 13-30га чейин.