Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2026-жылдын 21-октябрынан 30-октябрына чейин административдик кызмат орундарынын башкы жана улук топторуна кадрлардын резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
– Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек;
– жаш курагы 21 жаштан төмөн болбошу зарыл;
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү (2025-жылдан тартып — орто деңгээлден (В1) төмөн эмес, 2027-жылдан тартып — ортодон жогорку деңгээлден (В2) төмөн эмес;
– компьютерди жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык көндүмдөрдү билүү;
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
1. Төмөнкү жалпы мыйзамдарды билүүсү керек:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.
5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Төмөнкү предметтик мыйзамдарды:
1) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
2) “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
3) “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
4) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын
5) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
6) “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
7) “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
8) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
9) “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
10) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын регламентин.
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
Төмөнкү жалпы мыйзамдарды билүүсү керек:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Төмөнкү предметтик мыйзамдарды:
1) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
2) “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
3) “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
4) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын коституциялык мыйзамын;
5) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
6) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
7) “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
8) “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
9) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
10) “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
11) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
12) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын регламентин;
13) Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси.
АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН БАШКЫ ТОБУ ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
Шайлоолорду уюштуруу багыты боюнча (БШКнын Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү)
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
– ар кандай профилдеги жогорку кесиптик билим. Юридикалык билими барлар артыкчылыктуу болуп саналат.
АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН УЛУК ТОБУ ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар багыты боюнча (Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын системалык администратору)
– ар кандай профилдеги жогорку билим. Маалыматтык система, маалыматтык коммуникациялык технологиялар чѳйрѳсүндѳгү билим артыкчылыктуу болуп саналат.
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Конкурска катышууну каалаган конкурсанттар арызды электрондук форматта «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу https://kyzmat.gov.kg/ru бере алышат.
Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерден өткөрүлгөн документтер) тиркелет:
– жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча билими болсо), ага тиркемелери менен кошо;
– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары (вкладыштары) менен;
– илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин тастыктаган документ (эгер бар болсо);
– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгер бар болсо).
Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегине, ошондой эде «e-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү.
Документтер: 2026-жылдын 21-октябрынан 30-октябрына чейин «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу электрондук форматта кабыл алынат.

Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсү, 50
Кошумча маалымат алуу үчүн 62-08-27 телефону боюнча (адам ресурстарын башкаруу секторуна) кайрылса болот.

wpChatIcon
wpChatIcon