Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына карата квалификациялык талаптары

Улук административдик мамлекеттик кызмат оруну үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Кыргыз Республикасынын мамлекттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Сот аткаруучулар кызматынын улук административдик тобуна:
1. Кесиптик билим деңгээли:
– Жогорку юридикалык билимдүү.

2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана \ же муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 1 жылдан кем эмес стажы, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1. Билүү (сынак үчүн мыйзамдар):
– Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы: “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодекси, Үй-бүлөө кодекси; Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодекси; Эмгек Кодекси; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси;
– Кыргыз Республикасынын “Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндөрүшү жөнүндө”; “Күрөө жөнүндө” Мыйзамдары;
3.2. Билүүсү:
– Жогорку жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– Маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана кыскача баяндоо;
– Аналитикалык жана башка документтерди, маалыматтарды жана суроолорго жоопторду сапаттуу даярдоо;
– Өлкө ичиндеги жана эл-аралык тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
– Өз ишин жана кесиптештери менен кызматташууну натыйжалуу пландоо;
– Ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– Жарандардын кайрылууларына жооп даярдоо жана кароо;
– Мамлекеттик жана расмий тилдерде деловой кат алышуу;
– Командада иштөө;
– Жаңы жумуш шарттарына ылайыкташуу.

3.3. Көндүмдөрү:
– Ченемдик укуктук актылары менен иштөө жана аны практикада колдонуу;
– Ишти пландаштыруу жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү;
– Мамлекеттик жана расмий тилдерде долбоордук документтерди даярдоо;
– Башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыру;
– Компьютердик жана офис техникасын, зарыл программалык продукттарды колдонуу.

“e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы (https://kyzmat.gov.kg/) жеке кабинети аркылуу сынакка катышууну каалаган талапкерлер арызына төмөнкү документтерди электрондук форматта (сканерленген көчүрмөлөрүн) тиркөөгө тийиш.

– Талапкердин жеке арызы;
– Өздүк баракча 4х6 сүрөтү менен (бланк);
– Өмүр баяны сүрөтү менен (бланк);
– Резюме;
– Паспортунун көчүрмөсү;
– Дипломдун көчүрмөсү;
– Эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн копиясы;
– Аскердик билетинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
– Соттулугу жок тууралуу маалымкат;
– Наркологиялык жана психиатр борборунан маалымкат.

Берилген маалыматтын аныктыгы үчүн талапкерлер жоопкерчилик тартат. Эгерде жасалма же так эмес маалымат аныкталса, талапкер сынактан четтетилиши, кадрлар резервинен чыгарылышы жана белгиленген тартипте административдик же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Арыздар 2026-жылдын 20-октябрынан баштап 29-октябрына чейин “e-Kyzmat” аркылуу кабыл алынат.
Суроолор боюнча төмөнкү номерге чалыңыз: 0500 44 95 12

Документтердин толук топтомун тапшырбаган же сынактын талаптарына жооп бербеген талапкерлер сынакка катышууга өткөрүлбөйт.

Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегин, ошондой эле “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү.

Сынак өтүүчү жай жана убакыты, ошондой эле катышууга уруксат берилген тууралуу маалыматты талапкерлер билдирүү аркылуу биле алышат

wpChatIcon
wpChatIcon