Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик кадрлар резервине киргизүү үчүн борбордук аппарат боюнча мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орунунун улук тобуна ачык сынак жарыялайт Административдик кызмат орунунун улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар: Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек: 1) Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек; 2) 21 жаштан жаш курагы төмөн болбошу зарыл; 3) Кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык болуусу керек. Жалпы мыйзамдар: 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Билгичтиги: – Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Кыргыз Республикасында Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер”, “Экстремисттик иштерге каршы аракеттенүү жөнүндө”; – Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары: 2025-жылдын 10-апрелиндеги №126 “Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө”, 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 412 “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө”; – Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишин жүзөгө ашыруучу конфессиялар жөнүндө; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү; – дүйнөлүк диндердин негиздери. – этностор аралык мамилелерге таасир тийгизүүчү социалдык жана саясий процесстерди түшүнүү; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. 1. Кесиптик билиминин деңгээли: – жогорку кесиптик билими (багыты боюнча: дин таануу, теология). 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес; 3. Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: 1) Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишин жүзөгө ашыруучу конфессиялар жөнүндө; 2) бир нече чет тилдер артыкчылык болуп саналат (арабча, түркчө, англисче). Билгичтиги: 1) маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; 2) аналитикалык документтерди даярдоо; 3) тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу; 4) кесиптештери менен натыйжалууу кызматташуу; 5) ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; 6) жаңы эмгек шарттарына көнүү; Көндүмдөрү: 1) мамлекеттик органдардын жана диний уюмдардын өкүлдөрү менен иштөө; 2) эксперттик корутундуларды даярдоо үчүн экспертизага келип түшкөн материалдарды талдоо; 3) ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; 4) башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу; 5) ишти пландаштыруу жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү; 6) компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышууну каалаган талапкерлер арызды “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы мамлекеттик порталынын https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу электрондук форматта тапшырса болот. Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген түрдө) тиркелет: – Жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча билими тууралуу документтер, эгер бар болсо). Эгер жогорку кесиптик же орто кесиптик билим жөнүндө документ чет мамлекеттин окуу жайы тарабынан берилген болсо, талапкер “е-Kyzmat” мамлекеттик порталы аркылуу берилүүчү арызга ошол документтин апостилин да электрондук форматта тиркөөгө милдеттүү; – акыркы иштеген жери боюнча негизги жана кошумча билимди (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажысы болсо); – Илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин тастыктаган документ (эгер бар болсо). КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР, ТАЛАПКЕРЛЕР! 1) Арызды электрондук түрдө гана беришет; 2) Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке маалыматтарды берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдук беришет; 3) Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алгандыгын ырасташат. Талапкерлер берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартышат. Талапкер конкурстук мезгил ичинде өзүнүн электрондук почтасына жана “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында текшерип турууга милдеттүү. Эскертүү: Коюлган талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган талапкерлер сынакка катыша албайт. Конкурска катышуу үчүн документтер электрондук түрдө гана кабыл алынат. Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2026-жылдын 19-октябрынан 30-октябрына чейин. Дареги: пр. Ч. Айтматов 1 ст 2 (2-этаж, 204-кабинет). Сурап-билүү тел.: 0312 56-91-00. Толук маалыматты ДИЭМУАнын https://religion.gov.kg/ru расмий сайтынан алсаңыздар болот. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик