Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын мамлекеттик административдик кызмат орундарынын улук тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
Квалификациялык талаптар:
Мамлекеттик административдик кызмат орундарынын улук тобу:борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмдөрдүн бош кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн (Бишкек ш., Ош, Талас, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Баткен облустары)
1.Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку экономикалык жана/же юридикалык билим;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
3. Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
4. Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
– Кыргыз Республикасынын “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”, «Баа түзүү жөнүндө», “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин токтомдору: 2013-жылдын 18-февралындагы “Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №83; 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №56; 2012-жылдын 2-июнундагы “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына ылайык өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү мамлекеттик монополияга каршы орган тарабынан кароонун Эрежелерин бекитүү тууралуу” №366; 2013-жылдын 5-апрелиндеги “Табигый монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” №175; 2016-жылдын 17-мартындагы “Жөнгө салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрү боюнча жана жалпысынан башка иш боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана тартылган активдерди өзүнчө эсепке алууну жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу” №130; 2022-жылдын 4-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу тууралуу иштерди кароо эрежелерин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №619; 2012-жылдын 2-июнундагы “Ак ниет эмес атаандаштык жаатында монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартибин бекитүү тууралуу” №362, 2012-жылдын 11-июнундагы “Чарба субъекттерин мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө Эрежелерди бекитүү тууралуу” №391; 2012-жылдын 2-июнундагы “Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, бөгөт коюу боюнча Эрежелерди бекитүү жөнүндө” №364; 2015-жылдын 7-июлундагы “Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу” №461; 2012-жылдын 21-июнундагы “Экономикалык концентрация процессинде Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын сактоону контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө” № 431; 2015-жылдын 27-июлундагы “Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон иш-аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө эскертүүлөрдү берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө “№534; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы “Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө” №300, 2000-жылдын 26-октябрындагы “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр (жумуштар) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү тууралуу” №637; 2024-жылдын 12-июнундагы “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” №304; 2015-жылдын 14-январындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” №6; 2014-жылдын 30-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке салуу жөнүндө” №560; 2024-жылдын 13-июнундагы “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” №313; 2022-жылдын 20-майындагы “Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” №267 токтомдорун.
Мамлекеттик административдик кызмат орундарынын улук тобу:борбордук аппараттын метрологиялык көзөмөл боюнча бош кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн (Бишкек ш.)
1.Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку техникалык жана/же экономикалык жана/же юридикалык билим;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
3. Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
4. Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин токтомдору: 2023-жылдын 21-январындагы “Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №32; 2019-жылдын 2-сентябрындагы “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу” №446; 2013-жылдын 6-мартындагы “Кыргыз Республикасын чоңдуктар бирдиктерин жазуунун жана колдонуунун эрежелери жөнүндө” №119; 2020-жылдын 17-декабрындагы “Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоо, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү белгисин колдонуу тартиби жөнүндө” № 614; 2014-жылдын 30-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” №560; 2021-жылдын 10-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” №300.
Жөндөмү:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
– мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
– командада иштөө.
Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– ЖМК үчүн маалыматтарды даярдоо, иш-чараларды уюштуруу (тегерек столдорду даярдоо, анын ичинде ЖМКларды тартуу менен), иште колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин тажрыйбаны жана билимди натыйжалуу колдонуу;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
– компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон (Word, Excel, “Токтом Корпорация Про” маалыматтык-укуктук тутумун) билүүсү;
Конкурска катышууну каалаган адамдар “e-Kyzmat ” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет, өтүнмөгө электрондук форматындагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет же көктөмөгө тигилген кагаз түрүндөгү документтер тиркелет:
– арыз;
– кадрларды эсепке алуу баракчасы (сүрөтү жана байланыш маалыматтары менен);
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде берилет);
– акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн же иштеген жеринде персоналды башкаруу кызматынан эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш тажрыйбасы менен);
– акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү;
– илимий деңгээлин жана илимий даражасын ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
– резюме (электрондук почтаны жана соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
– субьектинин анын жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугу.
Конкурска катышуу үчүн документтер Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 7Б/1 дареги боюнча 2025-жылдын 30-декабрын (кошуп) саат 18.00.го чейин кабыл алынат, маалымат үчүн телефондор 0 (312) 56 33 01.
ЭСКЕРТҮҮ: Коюлган талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар, конкурска катышууга киргизилбейт.