Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору административдик кызмат орундарынын улук жана кенже группаларына кадрлардын резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар
Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
— «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»;
— «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
— «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
— «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Администрациялык кызмат орундарынын улук топторуна квалификациялык талаптар:
Тармактык багыттар боюнча:
Башкы адис
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— экономика, укук, гуманитардык жана социалдык илимдер жана педагогикалык билим жаатындагы жогорку билим:
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар:
Билүү:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
1) «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө»;
2) «Тышкы миграция жөнүндө»;
3) «Ички жер которуу жөнүндө»;
4) «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө»;
5) «Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө»;
6) «Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө»;
7) «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө»;
8) «Электрондук башкаруу жөнүндө»;
9) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы саясат концепциясы;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы
№ 252 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө жобо;
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы
№ 319 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жөнүндө жобо;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобо;
13) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди (чет тилдерин билүү колдоого алынат).
Администрациялык кызмат орундарынын кенже топторуна квалификациялык талаптар:
Тармактык багыттар боюнча:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— экономика, укук, гуманитардык жана социалдык илимдер жана педагогикалык билим жаатындагы жогорку билим:
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажы талап кылынбайт;
3. Кесиптик компетенциялар:
Билүү:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
1) «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө»;
2) «Тышкы миграция жөнүндө»;
3) «Ички жер которуу жөнүндө»;
4) «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө»;
5) «Электрондук башкаруу жөнүндө»;
6) «Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө»;
7) «Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө»;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы
№ 252 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө жобо;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы
№ 319 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жөнүндө жобо;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобо;
11) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди (чет тилдерин билүү колдоого алынат).
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
1. Жеке арыз;
2. Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), автобиография (соттолгодугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
3. Нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
4. Нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
5. Илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
6. Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек).
7. Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга талапкердин макулдугу.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2023-жылдын 6-октябрынан — 20-октябры аралыгында.
Тез көктөмөгө кагаз варианты тиркелген документтер Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда, Бишкек ш., көч. Токтогул, 237 дареги боюнча, саат 9:00дөн 16:00гө чейин кабыл алынат.
Кошумча маалымат алуу үчүн: (0312) 65-02-50 телефонуна чалыңыздар.