Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги борбордук аппараттын мамлекеттик жарандык кызматынын кенже, улук жана башкы административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
6. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7. «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
* Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
* Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктуларды билүү (Word, Excel, «ТОКТОМ МамлекетПро» маалыматтык-укуктук системасы).
Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн билгичтиктер:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө мамилелерди талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
— таламдардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн көндүмдөр:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (карамагындагы кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнүн карамагындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу.
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн билгичтиктер:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн билгичтиктер:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө;
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын БАШКЫ тобу үчүн кесиптик билим деңгээли:
Маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө
Кесиптик билим деңгээли:
— физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, башкаруу системаларын автоматташтыруу, телекоммуникация жаатында же эсептөө техникасы жана маалымат технологиялары, юриспруденция адистиги боюнча чектеш тармактарда жогорку техникалык билим.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы, улук тобу төмөнкүлөрдү билүүлөрү зарыл:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: «Электрондук башкаруу жөнүндө», «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө», «Электрондук колтамга жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»,»Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 «Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө» токтому;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 760 “Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 742 “Электрондук колтамганы пайдаланууга байланышкан айрым маселелер жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 332 “Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө» токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 747 “Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 661 “Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмү менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө» токтому
Финансы-экономикалык пландаштыруу чөйрөсүндө
Кесиптик билим деңгээли:
— экономика, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп же аудит багыты боюнча жогорку билим.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы, улук тобу төмөнкүлөрдү билүүлөрү зарыл:
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекси; «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137 буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобо; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июнундагы № 29 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Санариптик инфратүзүмдү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 токтому менен бекитилген «Казыналык бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» жобо.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобу үчүн кесиптик билим деңгээли:
Маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө:
Кесиптик билим деңгээли:
-физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, башкаруу системаларын автоматташтыруу, телекоммуникация жаатында же эсептөө техникасы жана маалымат технологиялары, юриспруденция адистиги боюнча чектеш тармактарда жогорку техникалык билим.
Финансы-экономикалык пландаштыруу чөйрөсүндө
Кесиптик билим деңгээли:
— экономика, финансы жана кредит, менеджмент, бухгалтердик эсеп же аудит багыты боюнча жогорку билим.
Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө
Кесиптик билим деңгээли:
— экономика жана башкаруу багыты боюнча жогорку билим.
— мамлекеттик сатып алууларды окутуу боюнча курстан өткөндүгү жөнүндө сертификаттын болушу.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобу төмөнкүлөрдү билүүлөрү зарыл:
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-августундагы № 473 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоого байланышкан сатып алууларды жүргүзүү тартиби; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 токтому менен бекитилген Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2022-жылдын 17-майындагы № 85-б буйругу менен бекитилген Электрондук мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн тартиби.”
Кадрдык иштер чөйрөсүндө
Кесиптик билим деңгээли:
— юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, адам ресурстарын башкаруу, маалымат системалары же чектеш тармактар, менеджмент багыты боюнча жогорку билим.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук, кенже топтору үчүн билим
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо жүргүзүү тартиби; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 169 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы № 462 “Эмгек китепчесинин формасын, эмгек китепчелерине кошумча барактын формасын жана Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн кесиптик билим деңгээли:
Кадрдык иштер чөйрөсүндө
Кесиптик билим деңгээли:
— юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, адам ресурстарын башкаруу, менеджмент багыты боюнча жогорку билим.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:
— жеке арызы, кадрларды эсепке алуу боюнча баракчасы, сүрөтү, резюмеси, автобиографиясы (соттуулугу бар же жок экенин көрсөтүү менен);
— паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
— зарыл болгон кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, илимий даража жана илимий наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү);
— рекомендация каттары (жөндүү);
— толук маалымат Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин веб-сайтында жайгаштырылган www.digital.gov.kg.
2023-жылдын 4-октябрынан 16-октябрына чейин скоросшивателге көктөлгөн документтерди көрсөтүлгөн дарек боюнча тапшыруу зарыл: Бишкек ш., Ахунбаев көч., 119, 218-иш бөлмө, телефон: 60-50-04.