Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын

№ 12,13,14,15,16 Муниципалдык аймактык башкармалыктарынын,  Бишкек шаарынын Биринчи май районунун билим берүү башкармалыгынын бош   административдик   муниципалдык  кызмат орундарын ээлөөгө   карата кадрлар резервине киргизүүгө төмөнкү топтор боюнча  талапкерлерди тандоо үчүн

ачык сынак жарыялайт

Бишкек шаарынын мэриясынын № 12,13,14,15,16 Муниципалдык аймактык башкармалыктары
—          Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары башкы тобун ( Б-Б) ээлөөгө.
Биринчи  май районунун билим берүү башкармалыгы
—          бош административдик муниципалдык кызмат ордунун кенже тобун (К-Б) ээлөөгө (мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси).
Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы,   Биринчи  май районунун билим берүү башкармалыгы
—  мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адис кенже тобун (К-А) ээлөөгө
Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы,   Бишкек шаарынын мэриясынын № 12,13,14,15,16 Муниципалдык аймактык башкармалыктары Биринчи  май районунун билим берүү башкармалыгы
—        муниципалдык кызматтын бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун (С-А, С-Б) ээлөөгө;
—                             — муниципалдык кызматтын бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун (К-А, К-Б) ээлөөгө.

 Бардык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

  • 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны;
  • соттуулугу жок;
  • Кесиптик билим;
  • Кесиптик компетенциясы;
  • Мамлекеттик жана расмий тилди кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү, ошондой эле чет тилди билүүсү (зарылчылык боюнча).
  • компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү.
  • ыктуулук жана көндүмдөр тиешелүү тармакта.
  • кесиптик билиминин болушу белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталат.

-кошумча билим берүү кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу курстары тиешелүү документтер менен тастыкталат.

— жогорку (атайын орто) окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуган предметтери боюнча бааларын көрсөтүү жана окуу жайынын расмий мөөрү менен окуу жайын аяктагандыгы жана тиешелүү квалификация ыйгарылгандыгы жөнүндө маалымкат берүүгө жол берилет.

— билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларында алынган дипломдор чет өлкөлүк окуу жайлар берген билим берүү жөнүндө документтердин деңгээлин жана мазмунун тастыктоо жана алардын Кыргыз Республикасындагы колдонулушу жөнүндө корутунду берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралууга тийиш.

— адистиги боюнча стажы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жогорку жана/же атайын орто билими жөнүндө дипломунда көрсөтүлгөн адистиги боюнча иштеген күндөн тартып эсептелет.

— мамлекеттик жана муниципалдык Жана/же адистиги боюнча иш тажрыйбасын тастыктоо эмгек китепчесиндеги жазуулардын жана/же иштеген жеринен зарыл болгон маалымкаттын негизинде аныкталат.

-мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кошумча квалификациялык талаптар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адистешүүсүн жана конкреттүү кызмат орунунун функционалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматтык милдеттерди кыйла ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берүүчү жөндөмдөрдүн жана көндүмдөрдүн деңгээлиндеги кесиптик компетенцияларга талаптарды камтыйт.

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү:

          Башкы тобунун административдик  муниципалдык кызмат оруну үчүн: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө», «Коррупцияга каршы иш аракеттер жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»,  «Коррупцияга каршы иш аракеттер жөнүндө» мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын                              3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы.

Улук тобунун административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Коррупцияга каршы иш аракеттер жөнүндө» Мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн   2020-жылдын   3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы.

Кенже тобунун административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы.

Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары кызмат ордуна (Башкы тобу  Б-Б)  квалификациялык талаптар:

Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн (Б-Б)

Кесиптик билиминин деңгээли:

— жогорку билим.

Иш тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

      Кесиптик компетенциясы:

Билим:

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Жеке турак жай курулушу жөнүндө», «Аксакалдар соту жөнүндө», «Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө» мыйзамдары.

Биринчи  май районунун билим берүү башкармалыгынын  мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси кызмат ордуна (Кенже тобу К-Б)  квалификациялык талаптар:

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн (К-Б)

Кесиптик билиминин деңгээли:

— экономика жана финансы багыттары боюнча, ошондой эле юриспруденция адистиги боюнча жогорку же орто кесиптик билим.

Иш тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

      Кесиптик компетенциясы:

Билим:

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», «Коррупцияга каршы иш аракеттер жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдары.

Мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна (Кенже тобу К-А)  квалификациялык талаптар:

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн (К-А)

Кесиптик билиминин деңгээли:

— кыргыз филология багыты боюнча жогорку же орто кесиптик билим.

Иш тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенциялары:

Билими:

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»,  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө», Конституциялык мыйзамы, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2002-жылдын 28-июнундагы №3№830-II «Кыргыз тилинин орфографиясы» токтому (жаңы редакциясы);

Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын,   Бишкек шаарынын мэриясынын № 12,13,14,15,16 Муниципалдык аймактык башкармалыктарынын, Биринчи  май районунун билим берүү башкармалыгынын муниципалдык кызматтарынын бош  административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобу (У-А, У-Б) кызмат орундарына  төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериш керек:

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн (У-А, У-Б)

Кесиптик билиминин деңгээли:

— экономика жана башкаруу, финансы, архитектура жана курулуш багыттары боюнча, социалдык жана педагогикалык чөйрө, гуманитардык, табигый, техникалык илими, ошондой эле юриспруденция адистиги боюнча жогорку кесиптик билим.

Иш тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

      Кесиптик компетенциясы:

Билим:

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ички соодасы жөнүндө», «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө»,» Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө»,» Укук бузуулар жөнүндө» мыйзамдары.

Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын,   Бишкек шаарынын мэриясынын                          № 12,13,14,15,16 Муниципалдык аймактык башкармалыктарынын, Биринчи  май районунун билим берүү башкармалыборборунун муниципалдык кызматтарынын бош  административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобу (К-А, К-Б) кызмат орундарына  төмөнкү квалификациялык талаптарга

жооп бериш керек:

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн (К-А, К-Б)

Кесиптик билиминин деңгээли:

— экономика жана башкаруу, финансы, архитектура жана курулуш багыттары боюнча, социалдык жана педагогикалык чөйрө, гуманитардык, табигый, техникалык илими, ошондой эле юриспруденция адистиги боюнча жогорку же орто кесиптик билим.

Иш тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

      Кесиптик компетенциясы:

Билим:

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ички соодасы жөнүндө», «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө»,» Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдары.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү камсыз кылуу керек:

— документтерди кароо жана бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө сынакка киргизүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;

— сүрөтү тиркелген белгиленген формадагы жекече толтурулган жана кол коюлган жеке баракчасы;

— таржымалы;

— өзү толтурган өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

— паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

— талап кылынган кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын ырастоочу документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даражаны жана наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, нотариус жана кадрларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн иштеген жери)

— сунуштоо каттары  (каалоочу).

Эскертүү:

  • Биринчи май райондук билим берүү башкармалыгынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси кызмат орунуна талапкерлердин мамлекеттик сатып алуу боюнча тиешелүү сертификаты болушу керек;
  • Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкер мындан ары сынакка катышууга чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так болууга тийиш.

Документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 4-октябрынан 17-октябрына чейин, саат 18.00гө чейин Бишкек ш., Жибек Жолу көчөсү, №348 муниципалдык администрация 2-кабат, 12 –кабинет, телефон  623103. Иш көктөмөсүнө тиркеп, жекече берүү зарыл же “Конкурска” деген жазуусу бар конвертте почта аркылуу жөнөтүлүшү керек: