- Административдик кызмат орундарынын кенже тобу.
Кесиптик билиминин денгээли:
— Жогорку билим; гуманитардык, социалдык, экономика жана башкаруу, педагогикалык, табигый, жана техникалык илимдери боюнча
— Иш стажына талаптар коюлбайт;
Мыйзамдарды билүүсү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы,
— КР нын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
— Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамы”;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы.
Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
— Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республиксынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси;
Билгичтиги
— Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө.
Көндүмдөрү:
— Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практика жүзүндө колдонуу;
— Компьютердик жана уюштуруу техникасын билүү жана зарыл болгон программаларды колдоно билүү.
2.Административдик кызмат орундарынын улук тобу.
Кесиптик билиминин денгээли:
— Жогорку билим; гуманитардык, социалдык, экономика жана башкаруу, педагогикалык, табигый жана техникалык багыттары боюнча;
— Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы ;
Мыйзамдарды билүүсү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
— КРӨ нүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Иш кагаздары боюнча типтүү нускама;
— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамы;
Предметтик мыйзамдарды билүүсү:
— Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”
мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчу этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республиксынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзамы
— Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодекси;
Билгичтиги:
— Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү
— Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыоуу жана жалпылоо;
— Аналитикалык документтерди даярдоо;
— Тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— Эмгектин жана шарттарына адаптациялашуу;
Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл:
- Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (мамлекеттик кызмат ордунун көрсөтүү менен)
- Резюме(электрондук почтаны көрсөтүү менен);
- Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
- Паспортунун көчүрмөсү;
- Аскердик билетинин көчүрмөсү
- Өмүр баян (өз колу менен жазылган, соттолгондугу же соттолбогндугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
- Эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу документтеринин нотариус аркылуу же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
Документтер жарыя чыккандан баштап 10 жумуш күн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Аксы району, Кербен шаары , Т. Уметалиев көчөсү №147.
Байланыш телефону: (03742) 5-02-80 , 0 507 024 143