1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу.

Кесиптик билиминин денгээли:

– Жогорку билим; гуманитардык, социалдык, экономика жана башкаруу, педагогикалык илимдери боюнча

– Иш стажына талаптар коюлбайт;

Мыйзамдарды билүүсү:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы,

– КР нын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

Предметтик мыйзамдарды билүүсү:

– Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамы;

– Кыргыз Республиксынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси;

Билгичтиги

– Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

– жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

– командада иштөө.

Көндүмдөрү:

– Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практика жүзүндө колдонуу;

– Компьютердик жана уюштуруу техникасын билүү жана зарыл болгон программаларды колдоно билүү.

2.Административдик кызмат орундарынын улук тобу.

Кесиптик билиминин денгээли:

– Жогорку билим; гуманитардык, социалдык, экономика жана башкаруу, педагогикалык багыттары боюнча;

– Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы ;

Мыйзамдарды билүүсү:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

– Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;

– КРӨ нүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Иш кагаздары боюнча типтүү нускама;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамы;

Предметтик мыйзамдарды билүүсү:

– Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”

мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчу этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси;

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамы;

– Кыргыз Республиксынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзамы

– Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодекси;

Билгичтиги:

– Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү

– Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыоуу жана жалпылоо;

– Аналитикалык документтерди даярдоо;

– Тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– Эмгектин жана шарттарына адаптациялашуу;

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл:

  1. Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (мамлекеттик кызмат ордунун көрсөтүү менен)
  2. Резюме(электрондук почтаны көрсөтүү менен);
  3. Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
  4. Паспортунун көчүрмөсү;
  5. Аскердик билетинин көчүрмөсү
  6. Өмүр баян (өз колу менен жазылган, соттолгондугу же соттолбогндугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
  7. Эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу документтеринин нотариус аркылуу же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

Документтер жарыя чыккандан баштап 10 жумуш күн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Аксы району, Кербен шаары , Т. Уметалиев  көчөсү №147.

 

Байланыш телефону: (03742)  5-02-80 , 0 507 024 143