Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменти кадрлар резервине киргизүү үчүн кызматтардын кенже тобуна ачык конкурс жарыялайт.
кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматтар үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
Билүүгө тийиш:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы.
— Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
— Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) менен иштөө көндүмдөрүн билүүсү.
Төмөнкү багыттар боюнча административдик мамлекеттик жарандык кызматтардын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар;
1) Лицензиялоо жана контролдоо багыты боюнча;
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— төмөнкү жааттардагы жогорку кесиптик билими: экономика багыты боюнча «Экономика жана башкаруу»; юриспруденция багыты боюнча “Гуманитардык илимдер”; жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы, электр энергетикасы жана электр техникасы багыттары боюнча «Энергетика жана электр энергетикасы»; электр станциялары, электр энергетика тутумдары жана тармактары, электр менен жабдуу (тармактар боюнча), энергиянын салттуу эмес жана кайра жаралуучу булактары, релелик коргоо жана электр энергетика тутумдарын автоматташтыруу, гидроэлектроэнергетика багыттары боюнча «Жылуулук энергетикасы».
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик иш билгилиги:
3.1.Билүүгө тийиш:
— Кыргыз Республикасынын төмөндөгү мыйзамдарын: “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө”,“Ишкердик субьекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”; “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”.
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 “Ишкердик субьекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун: 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент жөнүндө жобо”; 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 “Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо”.
3.2. Билгичтиги:
— жогорку жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аларды практикада колдонуу;
— «Проверка.кg» маалымат базасы менен иштөө;
— “Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүнө берилген лицензиялардын реестри” маалыматтык тутумун эсепке алууну жүргүзүү;
— документтик текшерүүлөрдү жүргүзүү;
— текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча актыларды түзүү жана алар боюнча чечимдердин долбоорлорун даярдоо;
— ОЭК субьекттерине лицензияларды берүү үчүн зарыл болгон материалдарды (документтердин пакетин) даярдоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иш кагаздарын жазышуу;
— командада иштей билүү.
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш мезгилин туура бөлүштүрүү;
— тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
— файлдарды жана папкаларды түзүү, алар менен иштөө (аталышын алмаштыруу, көчүрүү, которуштуруу, алып таштоо жана кайра калыбына келтирүү);
— тышкы перифериялык түзүлүштөргө кошулуу;
— дисктин мейкиндигин тазалоо (архивдештирүү);
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө тутумдарын пайдалануу;
— ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда өз ара сыпайы аракеттенүү;
— маалыматтардын жогорку тездигинин жана ар түрдүүлүгүнүн шарттарында маалымат базасы менен иштөө;
— файлдардын өлчөмүн тыгыздап кысуу менен көп көлөмдөгү маалыматтарды жөнөтүү/кабыл алуу;
— бет ачарларды (презентацияларды) уюштуруу;
— эсептеп чыгаруулар менен байланышкан сандык маалыматтар менен иштөө;
— таблицалар, диаграммалар жана графикалар түрүндө маалыматтарды берүү;
— Кыргыз Республикасынынын мыйзамдарынын укуктук базаларынын маалыматтык тутумун пайдалануу;
— тексти оңдоо жана редакциялоо;
— кеңселик техника (көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдик доска, факс) менен иштөө.
2) Тарифти жана бааны жөнгө салуу багыты боюнча;
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— төмөнкү жааттардагы жогорку кесиптик билими: экономика багыты боюнча «Экономика жана башкаруу»; жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы, электр энергетикасы жана электр техникасы багыттары боюнча «Энергетика жана электр энергетикасы»; жылуулук электр станциялары, суунун технологиясы жана жылуулук электр станцияларындагы отун, өнөр жай жылуулук энергетикасы багыттары боюнча “Жылуулук энергетикасы”, электр станциялары, электр энергетика тутумдары жана тармактары, электр менен жабдуу (тармактар боюнча), энергиянын салттуу эмес жана кайра жаралуучу булактары, релелик коргоо жана электр энергетика тутумдарын автоматташтыруу, гидроэлектроэнергетика багыттары боюнча «Электр энергетикасы».
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик иш билгилиги:
3.1.Билүүгө тийиш:
— Кыргыз Республикасынын төмөндөгү мыйзамдарын: “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 “Мамлекет жѳнгѳ салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төмөндөгү токтомдорун: 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” жана электр энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускама, 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 193 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” жана жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускама; 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент жөнүндө жобо”;
— Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2022-жылдын 12-сентябрындагы № 01-13/146 “Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергетика чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” (Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр тармактарынын шарттуу бирдиктерин эсептөөнүн усулдугу, электр тармактарынын шарттуу бирдиктерин эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө жана оңдоого сарптоолордун бирдиктүү салыштырма суммаларын эсептөөнүн усулдугу) буйругун; 2023-жылдын 6-октябрындагы № 01-13/199 “Электр энергиясына тарифтерди аныктоонун усулдугун бекитүү жөнүндө”.
3.2. Билгичтиги:
— отун-энергетикалык комплексиндеги тарифтерди түзүү жаатында ченемдик документтердин, усулдуктардын жана нускамалардын, анын ичинде отун-энергетикалык комплекси тармагындагы орто мөөнөттүү (узак мөөнөттүү) тарифтик саясаттын (стратегиянын) долбоорлорун иштеп чыгуу;
— электр жана жылуулук энергиясына, жаратылыш газына тарифтерди, ошондой эле отун-энергетикалык комплексинин субьекттери – лицензиаттардын, анын ичинде монополист субьекттердин реестрине киргизилгендердин кызмат көрсөтүүлөрүнө бааларды эсептөөлөрдү жүргүзүү;
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иш кагаздарын жүргүзүү;
— бирге иштегендер менен натыйжалуу кызматташуу жана командада иштей билүү;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо.
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
— тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
— файлдарды жана папкаларды түзүү, алар менен иштөө (аталышын алмаштыруу, көчүрүү, которуштуруу, алып таштоо жана кайра калыбына келтирүү);
— тышкы перифериялык түзүлүштөргө кошулуу;
— дисктин мейкиндигин тазалоо (архивдештирүү);
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө тутумдарын пайдалануу;
— ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда өз ара сыпайы аракеттенүү;
— маалыматтардын жогорку тездигинин жана ар түрдүүлүгүнүн шарттарында маалымат базасы менен иштөө;
— файлдардын өлчөмүн тыгыздап кысуу менен көп көлөмдөгү маалыматтарды жөнөтүү/кабыл алуу;
— бет ачарларды (презентацияларды) уюштуруу;
— эсептеп чыгаруулар менен байланышкан сандык маалыматтар менен иштөө;
— таблицалар, диаграммалар жана графикалар түрүндө маалыматтарды берүү;
— Кыргыз Республикасынынын мыйзамдарынын укуктук базаларынын маалыматтык тутумун пайдалануу;
— веб-конференц-байланыш уюштуруунун тиркемелерин пайдалануу;
— тексти оңдоо жана редакциялоо;
— кеңселик техника (көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдик доска, факс) менен иштөө;
— логин жана паролдорду коюу;
— компьютер менен иштөөдө маалымат коопсуздугунун гигиенасын сактоо.
3) Мониторинг жана комплекстүү талдоо багыты боюнча;
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— төмөнкү жааттардагы жогорку кесиптик билими: экономика багыты боюнча «Экономика жана башкаруу»; жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы, электр энергетикасы жана электр техникасы багыттары боюнча «Энергетика жана электр энергетикасы»; жылуулук электр станциялары, суунун технологиясы жана жылуулук электр станцияларындагы отун, өнөр жай жылуулук энергетикасы багыттары боюнча “Жылуулук энергетикасы”, электр станциялары, электр энергетика тутумдары жана тармактары, электр менен жабдуу (тармактар боюнча), энергиянын салттуу эмес жана кайра жаралуучу булактары, релелик коргоо жана электр энергетика тутумдарын автоматташтыруу, гидроэлектроэнергетика багыттары боюнча «Электр энергетикасы».
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажы талап кылынбайт.
3. Кесиптик иш билгилиги:
3.1.Билүүгө тийиш:
— Кыргыз Республикасынын төмөндөгү мыйзамдарын: “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 “Мамлекет жѳнгѳ салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төмөндөгү токтомдорун: 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө”; 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 193 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө”; 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент жөнүндө жобо”.
3.2. Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иш кагаздарын жүргүзүү;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;
— командада иштей билүү.
3.3. Көндүмдөрү:
— талдоо, болжолдоо, жалпылоо жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле алынган маалыматтарды системалаштыруу;
— Министрлер Кабинетине жана аткаруу бийлигинин органдарына отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү талданма материалдарды, маалыматтарды жана отчетторду даярдоо;
— комплекстүү талдоо жүргүзүү жана корутунду даярдоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
— тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
— файлдарды жана папкаларды түзүү, алар менен иштөө (аталышын алмаштыруу, көчүрүү, которуштуруу, алып таштоо жана кайра калыбына келтирүү);
— тышкы перифериялык түзүлүштөргө кошулуу;
— дисктин мейкиндигин тазалоо (архивдештирүү);
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө тутумдарын пайдалануу;
— ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда өз ара сыпайы аракеттенүү;
— маалыматтардын жогорку тездигинин жана ар түрдүүлүгүнүн шарттарында маалымат базасы менен иштөө;
— файлдардын өлчөмүн тыгыздап кысуу менен көп көлөмдөгү маалыматтарды жөнөтүү/кабыл алуу;
— бет ачарларды (презентацияларды) уюштуруу;
— эсептеп чыгаруулар менен байланышкан сандык маалыматтар менен иштөө;
— таблицалар, диаграммалар жана графикалар түрүндө маалыматтарды берүү;
— Кыргыз Республикасынынын мыйзамдарынын укуктук базаларынын маалыматтык тутумун пайдалануу;
— веб-конференц-байланыш уюштуруунун тиркемелерин пайдалануу;
— тексти оңдоо жана редакциялоо;
— кеңселик техника (көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдик доска, факс) менен иштөө;
— логин жана паролдорду коюу;
— компьютер менен иштөөдө маалымат коопсуздугунун гигиенасын сактоо.
4) Адам ресурстарын башкаруу жана иш кагаздарын жүргүзүү багыты боюнча:
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— кандай гана тармактар болбосун жогорку кесиптик билими, төмөндөгү тармактар артыкчылыкка ээ: филология, персоналды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттары боюнча.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик иш билгилиги:
3.1. Билүүгө тийиш:
— «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтомун;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төмөндөгү токтомдорун: 2021-жылдын 28-октяббрындагы № 233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө”; 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент жөнүндө жобо”.
3.2. Билгичтиги:
— жогорку жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иш кагаздарын жазуу;
— бирге иштешкендер менен натыйжалуу кызматташуу;
— командада иштей билүү.
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада
колдонуу;
— өз компетенциясынын чегинде башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— тексттик, графиктик жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
— файлдарды жана папкаларды түзүү, алар менен иштөө (кайрадан ат коюу, көчүрүү, жайгаштыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү);
— сырткы перифериялык жабдууларды кошуу;
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө тутумдарын пайдалануу;
— ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда так, сылык өз ара аракеттенүү;
— маалыматтардын ар түрдүүлүгүнүн жана маалыматтардын өзгөрүүсүнүн жогорку ылдамдыктарынын шартында маалымат базалары менен иштөө;
— бет ачарларды (презентацияларды) уюштуруу;
— таблица, диаграмма жана график түрүндөгү маалыматтарды берүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базаларынын маалыматтык тутумдарын пайдалануу;
— текстти оңдоо жана редакциялоо;
— кеңселик техника менен иштөө (көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдик доска, факс);
— вируска каршы программаларды пайдалануу;
— шифрлөө аркылуу маалыматтык тутумдарды жана маалыматтарды коргоо;
— логиндерди жана паролдорду коюу;
— компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.
5) Юриспруденция багыты боюнча
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— юриспруденция багыты боюнча “Гуманитардык илимдер” жаатындагы жогорку кесиптик билими.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик иш билгилиги:
3.1. Билүүгө тийиш:
— Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин; Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин; Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин;
— Кыргыз Республикасынын төмөндөгү мыйзамдарын: «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө»; «Энергетика жөнүндө»; «Электр энергетикасы жөнүндө»; «Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө»; «Энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө»; «Акционердик коомдор жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сырларын коргоо жөнүндө»; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөндөгү токтомдорун: 2021-жылдын 28-октябры № 233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө”; 2017-жылдын 31-майындагы № 313 “Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө”.
3.2. Билгичтиги:
— жогорку жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
— юридикалык экспертизаларды жүргүзүү;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иш кагаздарын жазуу;
— бирге иштешкендер менен натыйжалуу кызматташуу.
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү;
— файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (кайрадан ат коюу, көчүрүү, жайгаштыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү);
— тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
— сырткы перифериялык жабдууларды кошуу;
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө тутумунан пайдалануу;
— ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
— бет ачарларды (презентацияларды) уюштуруу;
— КР мыйзамдарынын укуктук базаларынын маалыматтык тутумдарын пайдалануу;
— текстти оңдоо жана редакциялоо;
— кеңселик техника менен иштөө (көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдик доска, факс);
— вируска каршы программаларды пайдалануу;
— шифрлөө аркылуу маалыматтык тутумду жана маалыматтарды коргоо;
— логинди жана паролду коюу;
— компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.
6) Финансылык камсыздоо жана эл аралык кызматташуу багыты боюнча:
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— төмөндөгү жааттардагы жогорку кесиптик билими: экономика багыты боюнча «Экономика жана башкаруу»; бухгалтердик эсеп жана аудит, дүйнөлүк экономика, ишкананын экономикасы (тармактар боюнча), каржы жана насыя, банктык иш, бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит багыттары боюнча «Экономика».
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик иш билгилиги:
3.1. Билүүгө тийиш:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
— «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” жарлыгын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөндөгү токтомдорун: 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө»; 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 «Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобо»; 2018-жылдын 12-июнундагы № 281 «Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу»;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомун;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы № 1-П буйругу менен бекитилген «Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү жөнүндө жобону”;
— бухгалтердик эсепти жана 1С-бухгалтердик эсеп программасын.
3.2. Билгичтиги:
— жогорку жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иш кагаздарын жазуу;
— командада иштей билүү.
— киреше жана чыгаша ордерлерин тариздөө;
— акча каражаттар китебин жүргүзүү, акча каражаттар отчетторун түзүү;
— акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды кабыл алуу, чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо;
— жооптуу адамдар боюнча авансалык отчетторду иштеп чыгуу.
3.3. Көндүмдөрү:
— 1С- Бухгалтердик эсеп программасы менен иштөө;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— тексттик, графиктик жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
— файлдарды жана папкаларды түзүү, алар менен иштөө (кайрадан ат коюу, көчүрүү, жайгаштыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү);
— сырткы перифериялык жабдууларды кошуу;
— дисктеги мейкиндиктин тазалоо (архивдештирүү);
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө тутумдарын пайдалануу;
— ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда так, сылык өз ара аракеттенүү;
— маалыматтардын ар түрдүүлүгүнүн жана маалыматтардын өзгөрүүсүнүн жогорку ылдамдыктарынын шартында маалымат базалары менен иштөө;
— файлдардын көлөмдөрүн кысуу жана көлөмдүү маалыматтарды жөнөтүү/кабыл алуу;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базаларынын маалыматтык тутумдарын пайдалануу;
— веб конференц-байланыш уюмунун тиркемелерин пайдалануу;
— көрмө материалдарды сактоо, жиберүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерди пайдалануу;
— текстти оңдоо жана редакциялоо;
— кеңселик техника менен иштөө (көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдик доска, факс);
— логиндерди жана паролдорду коюу;
— компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди берүү зарыл:
— өздүк арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баян (соттуулугунун бардыгын же жоктугун көрсөтүү менен), таржымал, сүрөт-2 даана (3х4 өлчөмүндө);
— паспорттун көчүрмөсү;
— керектүү кесиптик билимин тастыктаган документтер – нотариус же иштеген жериндеги кызматкерлерди башкаруу кызматы тастыктаган дипломдун көчүрмөсү;
— нотариус же иштеген жериндеги кызматкерлерди башкаруу кызматы тастыктаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билимдери тууралуу, квалификацияларын жогорулаткандыгы жөнүндө, окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгарылгандыгы жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
Документтер «Конкурска» деген белги коюлуу менен көктөмөгө тиркелип жөнөтүлүш керек.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды беришкен жарандардын конкурска катышуусуна жол берилбейт.
Бардык конкурска катышууну каалагандар 2025-жылдын 31-январынан тартып 21-февраль күнүн 18:00 гө чейин кошо эсептөө менен документтерин Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 119 (Тыныстанов көчөсү менен кесилишет), 3-кабат, 301-кызматтык бөлмө дареги боюнча тапшыра алышат. Маалымат үчүн телефондор: 56-14-77.
Конкурска катышуу үчүн бардык кеңири маалыматтар www.regultek.gov.kg. аталышындагы сайтка жайгаштырылган.