Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматынын башкы жана кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык сынак жарыялайт
Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) 21 жаштан кем эмес;
3) кадрлардын резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө.
1.Административдик кызмат орундарынын башкы тобуна:
Негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
4. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
7. Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;
8. Кыргыз Республикасынын «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Мыйзамы;
9. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Башкы тобу боюнча квалификациялык талаптар
1.Кесиптик билим деңгээли:
-энергетика, экономика, гуманитардык илимдер жаатындагы юриспруденция, эл аралык макмилер боюнча жогорку кесиптик билим.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы үч жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик компетенциялар:
3.1. Предметтик тестирлөө үчүн төмөнкү ЧУАларды билүү:
-Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” .
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Регламенти;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому.
3.2. Билгичтиги:
-стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүмдөрдүн маселелерин чечүүгө ыкмаларды талдоо, божомолдоо, жыйынтыктоо, мониторинг жүргүзүү, көзөмөлдөө жана интеграциялоо;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
-коюлган тапшырмаларды чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
-өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
-конфликттүү кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3. Көндүмдөр:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (тапшырмаларды жана милдеттерди кызматкерлердин арасында рационалдуу бөлүштүрүү, жетекчиликтин стратегиялык максаттары жана көз караштары боюнча кызматкерлерге сапаттуу маалымат берүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, жаңы иш формалары жана ыкмаларын издөө);
-маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жыйынтыктоо;
-нормативдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикага колдонуу;
-натыйжалуу мамиле куруу, ишкерлик этикет эрежелерин билүү, жыйындарды жана жолугушууларды өткөрүү, коомдук сүйлөөлөрдү жана мамлекеттик, расмий тилдерде ишкер кат алышууларды жүргүзүү.
2. Административдик кызмат орундарынын кенже топ үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
Негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама.
2. Кенже тобу боюнча квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
— гуманитардык илимдер жаатындагы лингвистика (котормо жана мамлекеттик тилди которуу) боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана стажы:
— иш стажына талаптар жок.
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. Предметтик тестирлөө үчүн төмөнкү ЧУА ларды билүү:
-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”.
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”.
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтому.
3.3. Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө.
3.4.Кѳндүмү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштей билүү жана аларды иш жүзүндѳ колдонуу;
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди көктөмөдө тапшыруу зарыл:
1) Жеке арызы;
2) резюме (электрондук почтасын, телефонун көрсөтүү менен);
3) өмүр баяны (соттуулугу жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
4) негизги жана кошумча (бар болсо), билимди тастыктаган документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
5) Эмгек китепчесинин (эмгек стажы бар болсо) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же акыркы иштеген жери боюнча;
6) илимий даражасы жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (эгерде бар болсо);
7) паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
8) Толторулган кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы;
9) 2 даана 3х4 разм кызыл фондогу сүрөт.
Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.
Ачык сынакка андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек Сынакка катышуу үчүн документтер 2025-жылдын 16-июнунан тартып 2025-жылдын 27-июнуна чейин (кошо эсептелет) саат 09:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат. Бишкек, ул. Жибек-Жолу 326 (Орозбеков көчөсүнүн кесилиши ), 2-кабат, 214А каб., тел.: 0312 67-01-80, 67-01-78. Сынакка катышуу үчүн маалымат minenergo.gov.kg сайтында кошумча жайгаштырылган.
Борбордук мамлекеттик органдарга сынактар (Бишкек шаары боюнча)
Борбордук мамлекеттик органдарга сынактар (Бишкек шаары боюнча)
Вакансии по центральным государственным органам (по г.Бишкек)