Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент,кадрлар резервине киргизүү үчүн кызматтардын улук тобуна ачык конкурс жарыялайт.
Улук административдик мамлекеттик жарандык кызматтар үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
Билүүгө тийиш:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
4)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
5)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын;
7)“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын.
— Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
— Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) менен иштөө көндүмдөрүн билүүсү.

Мониторинг жана комплекстүү талдоо багыты боюнча административдик кызматтардын улук тобу үчүн квалификациялык талаптар:
1.Кесиптик билиминин деңгээли:
— төмөнкү жааттардагы жогорку кесиптик билими: экономика багыты боюнча «Экономика жана башкаруу»; жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы, электр энергетикасы жана электр техникасы багыттары боюнча «Энергетика жана электр энергетикасы»; жылуулук электр станциялары, суунун технологиясы жана жылуулук электр станцияларындагы отун, өнөр жай жылуулук энергетикасы багыттары боюнча “Жылуулук энергетикасы”, электр станциялары, электр энергетика тутумдары жана тармактары, электр менен жабдуу (тармактар боюнча), энергиянын салттуу эмес жана кайра жаралуучу булактары, релелик коргоо жана электр энергетика тутумдарын автоматташтыруу, гидроэлектроэнергетика багыттары боюнча «Электр энергетикасы».
2.Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтардагы жалпысынан 1 жылдан кем эмес стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик иш билгилиги:
3.1.Билүүгө тийиш:
— Кыргыз Республикасынын төмөндөгү мыйзамдарын: “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө”, “Коммерциялык сыр жөнүндө”; “Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын калкына электр энергиясы үчүн төлөө жөнүндө”, “Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагына Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын куруудан болгон зыяндарды компенсациялоо жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөндөгү токтомдорун: 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 “Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жана чек ара райондорунда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 “Мамлекет жѳнгѳ салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин томөндөгү токтомдорун: 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” жана электр энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускама, 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 193 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” жана жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускама; 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент жөнүндө жобо”; 2022-жылдын 24-октябрындагы № 583 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
— Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин төмөндөгү буйруктарын: 2022-жылдын 12-сентябрындагы № 01-13/146 “Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергетика чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө”; 2023-жылдын 6-октябрындагы № 01-13/199”Электр энергиясына тарифтерди аныктоонун усулдугун бекитүү жөнүндө”; 2023-жылдын 17-ноябрындагы № 01-13/235 “Энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн усулдугун бекитүү жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин төмөндөгү буйруктарын: 2016-жылдын 14-мартындагы № 2 “Продукциянын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) өздүк наркын аныктоонун жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүүнүн усулдугун бекитүү жөнүндө”; 2016-жылыдн 8-декабрындагы № 5 “Жаратылыш газына тарифтерди түзүү үчүн өздүк наркты аныктоонун усулдугун бекитүү жөнүндө”.
3.2.Билгичтиги:
— маалыматтарды жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— талданма документтерди даярдоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо.
— бирге иштегендер менен натыйжалуу кызматташуу;
— эмгектин жаңы шарттарына ыңгайлашуу.
3.3. Көндүмдөрү:
— Министрлер Кабинетине жана аткаруу бийлигинин органдарына отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү талданма материалдарды, маалыматтарды жана отчетторду даярдоо;
— комплекстүү талдоо жүргүзүү жана корутунду даярдоо;
— отун-энергетикалык комплекстин иштөөсүн жана аны жөнгө салууну өркүндөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана иш убактыларын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
— файлдарды жана папкаларды түзүү, алар менен иштөө (аталышын алмаштыруу, көчүрүү, которуштуруу, алып таштоо жана кайра калыбына келтирүү);
— тышкы перифериялык түзүлүштөргө кошулуу;
— дисктин мейкиндигин тазалоо (архивдештирүү);
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө тутумдарын пайдалануу;
— ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда өз ара сыпайы аракеттенүү;
— маалыматтардын жогорку тездигинин жана ар түрдүүлүгүнүн шарттарында маалымат базасы менен иштөө;
— файлдардын өлчөмүн тыгыздап кысуу менен көп көлөмдөгү маалыматтарды жөнөтүү/кабыл алуу;
— бет ачарларды (презентацияларды) уюштуруу;
— эсептеп чыгаруулар менен байланышкан сандык маалыматтар менен иштөө;
— таблицалар, диаграммалар жана графикалар түрүндө маалыматтарды берүү;
— Кыргыз Республикасынынын мыйзамдарынын укуктук базаларынын маалыматтык тутумун пайдалануу;
— веб-конференц-байланыш уюштуруунун тиркемелерин пайдалануу;
— тексти оңдоо жана редакциялоо;
— кеңселик техника (көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдик доска, факс) менен иштөө;
— логин жана паролдорду коюу;
— компьютер менен иштөөдө маалымат коопсуздугунун гигиенасын сактоо.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди берүү зарыл:
— өздүк арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баян (соттуулугунун бардыгын же жоктугун көрсөтүү менен), таржымал, сүрөт-2 даана (3х4 өлчөмүндө);
— паспорттун көчүрмөсү;
— керектүү кесиптик билимин тастыктаган документтер –дипломдун көчүрмөсү (түп нускасы менен бирге, жеринде күбөлөндүрүү үчүн);
— эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билимдери тууралуу, квалификацияларын жогорулаткандыгы жөнүндө, окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгарылгандыгы жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (түп нускасы менен бирге, жеринде күбөлөндүрүү үчүн );
Документтер «Конкурска» деген белги коюлуу менен көктөмөгө тиркелип жөнөтүлүш керек.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды беришкен жарандардын конкурска катышуусуна жол берилбейт.
Бардык конкурска катышууну каалагандар 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып 19-сентябрь күнүн 18:00 гө чейин кошо эсептөө менен документтерин Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 119 (Тыныстанов көчөсү менен кесилишет), 3-кабат, 301-кызматтык бөлмө дареги боюнча тапшыра алышат. Маалымат үчүн телефондор: 56-14-77.
Конкурска катышуу үчүн бардык кеңири маалыматтар www.regultek.gov.kg. аталышындагы сайтка жайгаштырылган