Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматы административдик мамлекеттик жарандык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт:
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
Башкы административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
4. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
7. Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
8. Кыргыз Республикасынын «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Мыйзамы;
9. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
11. Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы.
Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.;
7. Кыргыз Республикасынын “ Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы.
I. Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1.1. Айлана-чөйрөнүн булгануусун байкоо башкармалыгынын башчысынын кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери анын ичинен химия, жаратылышты колдонуу жана экология, гидрометеорология, биоэкология, жер кыртышынын билими, экологиялык инженерия; жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология анын ичинен колдонмо гидрометеорология, техносфералык коопсуздук; экономика жана башкаруу.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө”, “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө” токтомун, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
— айлана чөйрөнүн мониторингин жүргүзүү системасын жана тартибин билүү;
— айлана чөйрөнүн байкоо жүргүзүү берилиштерин чогултуу, иштетүү жана сактоо тартибин жана системасын билүү;
— лабораториясынын иштөөсүн метрологиялык камсыздоосун билүү;
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүүнү билүү,
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында көрө билүү;
— алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөнү;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү билүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3. Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды иш жүзүндө колдонуу көндүмү;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү.
1.2. Байкоо тармактары жана окутуу бөлүмүнүн башчысынын кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери анын ичинен география, картография жана геоинформатика, гидрометеорология, метеорология, гидрология, химия, жаратылышты колдонуу жана экология; гуманитардык илимдери анын ичинен юриспруденция, филология; физика-матекатика илимдери анын ичинен физика, маалымат технологиялары; архитектура жана курулуш анын ичинен курулуш, гидротехникалык курулуш; айыл чарбасы анын ичинен агроинженерия.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын
18-апрелиндеги № 209 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 631 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону;
3.2. Билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгууну билүү;
— түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүүнү билүү,
— жер үстүндөгү байкоо тармактарынын өндүрүштүк жана турак жайлык имараттарынын, курулуштарынын, орнотууларынын, түзүлүштөрүнүн абалын, жетүүгө кыйын болгон станциялардын эмгек жана турмуш шарттарын жакшыртуу боюнча иш чараларды иштеп чыгууну уюштурууну жана аткарылышын көзөмөлдөөнү билүү;
— жер үстүндөгү байкоо тармактары үчүн жер участкаларын тандоо жана бекитүү боюнча иштерди уюштуруу жана тиешелүү документтерди калыбына келтирүүнү билүү;
— Кыргыз Республикасынын Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы менен кызматташууну билүү;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен окутуу боюнча кызматташууну билүү;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөлүү кырдаалдарды өз убагында көрө билүү;
— алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү билүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3. Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүүнү);
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү.
II. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1.1. Телекоммуникация жана маалыматтык технология башкармалыгынын сандык моделдөөлөр секторунун башчысы кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият тануу илимдери анын ичинен гидрометеорология, метеорология, гидрология, география, физика математика илимдери анын ичинен математика, колдонмо математика жана информатика, маалымат технологиялары, физика, фундаменталдык информатика жана информациялык технологиялар, информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрациялоо, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар анын ичинен информатика жана эсептөө техникасы, информациялык система жана технологиялар, колдонмо информатика, программалык инженерия, интернет технологиялар жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, автоматташтыруу жана башкаруу, системалык талдоо жана башкаруу, техникалык системаны башкаруу, технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу, техникалык физика.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө», «Жарандык коргонуу жөнүндө» Мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 “Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө” токтомун, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
— атмосферанын физикасы жана динамикасы жөнүндө билими;
— дифференциалдык теңдемелерди сандык ыкмалар менен чыгаруу билими;
— программалоо тилин билүү;
— сандык болжолдоолор ыкмасын билүү;
— географиялык маалыматты чогултууга, уюштурууга, башкарууга, башкарууга, анализдөогө, алмашууга жана жайылтууга мүмкүндүк берген системалар менен иштөө («QGIS», «ArcGIS», «GRADS», «NCL», программалы менен же башка заманбап программалар менен иштөөнү билүү;
— математикалык статистика боюнча билими;
— ар түрдүү операциялык тутумдары менен («JC Linux») иштөөнү билүү;
— презентация кылуу жана иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— өз ара жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— эмгектин жаӊы шарттарына көнүү;
3.3. Көндүмдөрү:
— аналитикалык, стратегиялык документтерди түзүу, долбоорлук сунуштарды иштеп чыгуу көндүмдөрү;
— топ ичиндеги иштей алуучулугу, стреске туруктуулугу, сабырдуулугу;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаӊы формаларын жана методдорун издөө көндүмдөрү;
— ченемдик укуктар актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.
1.2. Финансы, бухгалтериялык эсеп жана отчёттуулук башкармалыгынын финансы жана стратегиялык пландоо секторунун башчысы кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика жана башкаруу, экономика, финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит, бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук, финансы жана кредит.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Бухгалтериялык эсеп жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын
15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын
25-декабрынын № 137 “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчёттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругун.
3.2. Билгичтиги:
— финансылык жана пландык отчётторду түзүүнү билүү;
— финансылык жана перспективдик пландаштыруу чөйрөсүн билүүсү;
— ишмердүүлүктүн негизги түрлөрү боюнча эмгектик, финансылык жумшоолордун нормативдерин жүргүзүүнү жана өркүндөтүүнү талдоону билүү.
3.3. Көндүмдөрү:
— компьютердик программалар (Microsoft Word, Excel, Power Point, Outlook, lnternet ж.б.) менен иштөө;
— көп өлчөмдөгү материалдар менен иштөө;
— кесиптештер менен иштей билүү жөндөмү, жоопкерчиликтүү, сабырдуу оор басырыктуу.
1.3. Телекоммуникация жана маалыматтык технология башкармалыгынын маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: электротехника, радиотехника жана байланыш анын ичинен электроника жана наноэлектроника, радиотехника, инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системасы; автоматташтыруу жана башкаруу анын ичинен системалык талдоо жана башкаруу, техникалык системаны башкаруу, стандартташтыруу, сертификатташтыруу жана метрология; эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар анын ичинен информатика жана эсептөө техникасы, информациялык система жана технологиялар, колдонмо информатика, программалык инженерия, интернет технологиялар жана башкаруу, маалымат коопсуздугу; экономика жана башкаруу анын ичинен мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө”, “Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 “Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
— бирдиктүү маалыматтык мейкиндигин, мониторинг жана жеткирүү системасын түзүү жана өнүктүрүүнү билүү;
— маалыматтык системаларды (веб-сайт, маалыматтык системалар, электрондук документ оборот ж.б.) үзгүлтүксүз көзөмөлдү жана ыкчам башкарууну жүргүзүүнү билүү;
— программалык камсыздоолорду сактоону, визуализацияны, үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууну билүү;
— расмий веб-сайтты үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу;
— сеттик жана сервердик жабдуулардын иштөөсүн камсыз кылууну билүү;
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоону билүү;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү билүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
— локалдык торчолорду түзүү, локалдык торчолорду жөнгө салуу жана камсыз кылуу көндүмдөрү;
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди түзүү, презентация кылуу көндүмдөрү;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык камсыздоолорду колдонуу.
1.4. Өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башкы адисинин кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш анын ининен архитектура, курулуш, өндүрүштүк жарандык курулуш; электротехника жана электротехника анын ичинен жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы, электроэнергетика жана электротехника, энергетика, гидротехникалык курулуш.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын
15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 5-апрелиндеги № 3-нпа буйругу менен бекитилген “Кыймылсыз мүлктөрдүн курулушу жана башка өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн долбоордук документтерге мамлекеттик эмес экспертиза жүргүзүү жөнүндө”, 2018-жылдын 11-июнундагы № 13-нпа буйругу менен бекитилген “Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө” жоболорун, 2016-жылдын 27-майындагы № 5-нпа буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө” эрежелер топтомун.
3.2. Билгичтиги:
— курулушка жана оңдоо иштерине техникалык шарттарды жана уруксат алууну билүү;
— Кыргызгидрометтин курулуштарын жана имараттарын оңдоо иштерин өткөрүүгө финансылык ресурстарды пландоого эсептерди даярдоону уюштурууну билүү;
— иштелип чыккан долбоордук документацияны кабыл алууга катышуу, объекттердин курулушуна жана оңдоосуна түзүлгөн сметтик ченемдерди текшерүүнү билүү;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоону билүү;
— командада иштөө.
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү/
1.5. Эл аралык кызматташтык секторунун башкы адисинин кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гуманитардык илимдери анын ичинен эл аралык мамилелер, чыгыш таануу, лингвистика, аймак таануу, европа таануу, кытай таануу, англис тили, юриспруденция; табият таануу илимдери анын ичинен жаратылышты колдонуу жана экология, гидрометеорология, техносфералык коопсуздук. Жогорудагы аталган адистиктер боюнча кошумча жана экинчи билими кубатталат.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгууну билүү;
— түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүүнү билүү;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында көрө билүү;
— алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөнү билүү;
— англис тилинде иштиктүү кат алышууну билүү;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;
— мекемелер аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3. Көндүмдөрү
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу көндүмү;
— ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды иш жүзүндө колдоно билүү;
— презентация ыкмаларын билүү жана долбоорлорду иштеп чыгуу (инновациялык, инвестициялык);
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү.
1.6. Гидрометеорологиялык байкоолор, болжолдоолор жана маалымат менен камсыздоо башкармалыгы агрометеорология бөлүмүнүн башкы адисинин кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери анын ичинен гидрометеорология, метеорология, гидрология, география, жаратылышты колдонуу жана экология; физика-математика илимдери анын ичинен физика, математика; айыл чарба илимдери анын ичинен агрохимия жана агрожер кыртышын таануу, агрономия, агроинженерия; техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология анын ичинен колдонмо гидрометеорология, техносфералык коопсуздук, информациялык система жана технологиялар, гидротехникалык курулуш.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын
15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоону билүү;
-стандарттык жана адистештирилген программалык камсыздоонун ишин камсыз кылууну билүү;
— агрометеорология бөлүмүнүн ишин автоматташтыруу үчүн программалырды түзүүнү билүү;
— станциялардан жана посттордон келип түшкөн кышкы жана жазгы КСХ-1, 2, 3 талаа китепчелерине, ТСХ-1, 4, 6 жадыбалына, режимдик материалдарга сын көз менен көзөмөл жүргүзүүнү билүү;
— станциялардан келип түшкөн агрометеорологиялык маалыматтардын негизинде материалдарга талдоо жүргүзүүнү билүү;
— аналитикалык документтерди даярдоону билүү;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташууну билүү;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
3.3.Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
-форма боюнча жеке арызы;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен);
— резюме (телефон номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
— өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
-негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтери;
— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтери.
-дипломдун көчүрмөсү;
— паспорттун көчүрмөсү.

Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, 2025-жылдын 27-августунан 17-сентябрына чейин жарыя чыккан күндөн тартып төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Бишкек шаары, Керимбекова көч., 1, Кадрлар жана иш кагаздар бөлүмү 1-кабат, каб.101 тел.:0312 316290, 314699. Толук маалыматты КР ӨКМнин (www.mes.gov.kg), Гидрометеорологиялык кызматынын (www.meteo.kg) сайттарынан алса болот.