Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы жана улук топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнү жарыялайт: Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар: Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн: Жалпы негизги тестирлөө үчүн билүүсү керек: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; 4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; 5) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргых Республикасынын Мыйзамы; 7) «Кызыкчылыктардын кагылуушусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9) «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтому. 11) Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлу № 127 “Электрондук башкаруу жөнүндө Мыйзамы. Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн: 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому. 7. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлу № 127 “Электрондук башкаруу жөнүндө Мыйзамы. 1. Санариптештирүү багыты боюнча квалификациялык талаптар: • Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн: Кесиптик билим деңгээли: – токой ресурстарын көбөйтүү жана кайра иштетүү багытында токой иши жана ландшафттык курулуш, токой чарба боюнча адистиктери; табият таануу илимдер багытында экология жана жаратылышты пайдалануу адистиги; эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар багытында информатика жана эсептөө техникасы, маалыматтык системалар жана технологиялар, колдонмо информатика, программалык инженерия, интернет технологиялар жана башкаруу адистиктери; геодезия жана жерге жайгаштыруу багытында геодезия жана аралыктык байкаштыруу, жерге жайгаштыруу жана кадастрлар адистиктери боюнча жогорку билим. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек: – Кыргыз Республикасынын Токой кодекси; – Кыргыз Республикасынын “Электрондук кол тамга жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө” Мыйзамдары; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгы; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо. Билгичтиги: – жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; – документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; – кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; – мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу; – антивирустук программаны пайдалануу; – маалыматтык системаны жана маалыматты санариптештирүү аркылуу коргоо; – командада иштөө. Көндүмдөрү: – тармактык жана сервердик жабдыктарды коюу жана орнотуу; – маалыматтар базасын башкаруу системасын программалоо; – компьютердик жана оргтехника, программалык продуктылар менен иштөөнү билүү; – маалыматтык системаны жана маалыматты санариптештирүү аркылуу коргоо. 2. Адам ресурстарын башкаруу жана иш кагаздарын жүргүзүү багыты боюнча квалификациялык талаптар: •Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн: Кесиптик билим деңгээли: – экономика жана башкаруу багытында персоналдарды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиктери; гуманитардык илимдер багытында юриспруденция, филология адистиктери; табият таануу илимдери багытында экология жана жаратылышты пайдалануу адистиктери боюнча жогорку билим. Иш стажы жана тажрыйбасы: Мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек: – Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; – “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – 2022-жылдын 2 – февралында № 24 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштетүү жөнүндө”, 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдү төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 356 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо. Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – бөлүмдүн көйгөйүн чечүүгө мамилелерди талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү. – коюлган милдеттерди чечүү үчүн новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; – өз ишин жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу. Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); – маалыматты системалаштырууну талдоо жана жалпылоо; – чыр-чатактык кырдаалдарды жөнгө салуу; − натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу. •Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн: Кесиптик билим деңгээли: – экономика жана башкаруу багытында персоналдарды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиктери; гуманитардык илимдер багытында юриспруденция, филология адистиктери; табият таануу илимдери багытында экология жана жаратылышты пайдалануу адистиктери боюнча жогорку билим. Иш стажы жана тажрыйбасы: – Мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – 2022-жылдын 2 – февралында № 24 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштетүү жөнүндө”, 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдү төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” Жарлыктары; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; – документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; – кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу. Көндүмдөрү: – иш жүргүзүү жана кадрдык ишмердүүлүктү уюштуруу жана алып баруу; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына ыңгайлашуу. 3. Эл аралык кызматташуу жүргүзүү багыты боюнча квалификациялык талаптар: •Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн: Кесиптик билим деңгээли: – гуманитардык илимдер жаатындагы лингвистика, эл аралык мамилелер адистиктери; экономика жана башкаруу багытында экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиктери; табият таануу илимдер жана экология жана жаратылышты пайдалануу адистиги боюнча жогорку билим. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. Предметтик тестирлөө үчүн билүүсү керек: – Кыргыз Республикасынын Токой Кодекси; – “Эл аралык келишимдер жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары; – Эл аралык жаратылышты коргоо конвенцияларынын, Кыргыз Республикасынын токой чарбасы жаатындагы стратегиясынын жалпы саясатынын (экологиялык коопсуздук концепциясы, токой тармагын өнүктүрүү Концепциясы, туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы ж. б.) ишмердүүлүгү; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызмат жөнүндө жобо. Билгичтиги: – иш-аракеттердин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – башкаруу чечимдерин оперативдүү кабыл алууга жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартууга; – таламдардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү жана аларды жөнгө салуу; – коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; – өзүнүн жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу. Сынакка катышууну каалаган талапкерлер арызды “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу электрондук форматта же төмөнкү документтерди көктөмөгө тиркеп, кагаз түрүндө тапшырса болот: 1)Жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын, резюмени (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), сүрөтүн; 2)Паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документтинин көчүрмөсү; 3)Керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматты тарабынан күбөлөндүрүлөт). Документтерди 2025-жылдын 2-ноябрына чейин кечиктирбестен адам ресустарын башкаруу бөлүмүнө тапшыруу керек. Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265 “а”, 1-кабат 108- кабинет; моб.телефону: 0220618127 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги