Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалды кызмат жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти улук кызмат орунун ээлөөгө кадрлар резевине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: юридикалык, экономикалык,педагогикалык,өзгөчө кырдаалдар.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы жалпысынан бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдары: 

– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобо;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобо;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө” Жобо.

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

– коллективди башкарууга жөндөмдүүлүгү, демилгелүүлүгү, обьективдүүлүгү жана жоопкерчиликтүүлүгү;

– департаменттин бөлүмдөрүнүн иш жөндөмдүүлүгүн координациялоо, бүткөрүлгөн обьектилерди кабыл алуу жана эксплуатацияга тапшырууда адистерди туура колдонуу, үнөмдүү иштөөсүн камсыздоо;

– кабыл алынган техникалык чечимдерге анализ жүргүзүү, дефекттик акттарды түзүү, керек учурда объектке барууну уюштуруу жана адистер менен техникалык кеңешме өткөрүү;

– курулуш жумуштарынын технадзорлодун жумушуна анализ жүргүзүү, керек учурда аткарылган жумуштун көлөмүн өлчөө үчүн текшерүү өлчөмүн жүргүзүү.

Көндүмдөрү:

– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

– түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү);

– тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо;

– жарандык коргонуу багытында иш материалдарын өз алдынча иштеп чыгуу;

– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

 

Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg мамлекеттик порталындагы  жеке кабинети аркылуу:

– электрондук форматта өтүнмө берет;

– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт;

– мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт.

Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү көрсөтүлгөн документтер (сканерленген) тиркелет:

– паспорттун көчүрмөсү;

– кадрлык өздүк баракчасы

– өмүр баяны, резюме (уюлдук телефонун, электрондук почтасын жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтер (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же акыркы иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

 

Дареги: Ош шаары, Муминова көчөсү 11, 1-кабат 4-бөлмө. Документтер 2025-жылдын 17-ноябына чейин кабыл алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн  7-13-52, 0553112907 телефону боюнча кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.

ЭСКЕРТҮҮ: Толук эмес же квалификациялык талаптарга жооп бербегендер конкурстук комиссиянын отурумунда каралбайт. Байланыш телефон номерлери жана электрондук почтанын дареги көрсөтүлүшү керек.