Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна: Кесиптик билимдин деңгээли: -жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: -өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, техносфердик коопсуздук, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият илимдери, гуманитардык илимдери, педагогикалык билим, саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, маалыматтык коопсуздук, юриспруденция, тоо-кен илимдери, айыл-чарба, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, электроника, радиотехника жана байланыш, техника илимдери, техносфералык жана өрт коопсуздугу, жаратылыш жана гидрометеорология, аскердик билим, техникалык илимдери. Иш стажы жана тажрыйбасы: -мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөөдө үч жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзамдар: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; -“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому. Предметтик мыйзамдар: -“Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы № 315 “Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 28-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2011-жылдын 3-январындагы № 1 “Кыргыз Республикасынын өзгөчө жана кризистүү кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык –башкаруу системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2011-жылдын 6-октябрындагы №618 “Бирдиктүү шыр байланыш” туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону. Билгичтиги: – иш кагаздардын, маалыматтардын, сурамдарга жооптордун сапаттуу даярдоого жөндөмү; – командада иштей билүүгө жөндөмү; – кызматтык алака, көңүл бөлүүгө, демилге көтөрө билүүгө жөндөмү; – ири көлөмдөгү маалыматтары менен иштей билүүгө жөндөмү. Көндүмдөрү: –ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл: -жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме (электрондук почта, ИИН көрсөтүү жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), сүрөтүн; -керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт). Документтерди 2025-жылдын 3-декабрына чейин КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Кадр бөлүмүнө тапшыруу керек. Жазуулар боюнча багыттоо Тоң районунун Улахол айыл өкмөтү айыл өкмөтүндөгү башкы, улук, кенже кызмат орундарынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт