Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын кадрлар резервине киргизүү башкы жана улук административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт: Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар: Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020–жылдын 3–мартындагы “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” № 120 токтому. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020–жылдын 3–мартындагы “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” № 120 токтому. I. Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1.1. Мамлекеттик байкоолордун тутуму бөлүмүнүн башчысынын кесиптик билимдин деңгээли – жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери анын ичинен география, картография жана геоинформатика, гидрометеорология, метеорология, гидрология, химия, жаратылышты колдонуу жана экология; гуманитардык илимдери анын ичинен юриспруденция, филология; физика–матекатика илимдери анын ичинен физика, маалымат технологиялары; архитектура жана курулуш анын ичинен курулуш, гидротехникалык курулуш; айыл чарбасы анын ичинен агроинженерия. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1) Төмөнкүлөрдү билүү: – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021–жылдын 15–ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону. 3.2) Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгууну билүү; – түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүүнү билүү; – жер үстүндөгү байкоо тармактарынын өндүрүштүк жана турак жайлык имараттарынын, курулуштарынын, орнотууларынын, түзүлүштөрүнүн абалын, жетүүгө кыйын болгон станциялардын эмгек жана турмуш шарттарын жакшыртуу боюнча иш чараларды иштеп чыгууну уюштурууну жана аткарылышын көзөмөлдөөнү билүү; – жер үстүндөгү байкоо тармактары үчүн жер участкаларын тандоо жана бекитүү боюнча иштерди уюштуруу жана тиешелүү документтерди калыбына келтирүүнү билүү; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөлүү кырдаалдарды өз убагында көрө билүү; – алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; – өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү билүү; – чыр–чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. 3.3) Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүүнү); – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды иш жүзүндө колдонуу; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү. II. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 2.1. Атмосферанын булгануусун байкоо бөлүмүнүн башчысынын кесиптик билимдин деңгээли – жогорку билими, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери анын ичинен химия, жаратылышты колдонуу жана экология, гидрометеорология, биоэкология, жер кыртышынын билими, экологиялык инженерия; физика–математика илимдери анын ичинен физика; жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология анын ичинен колдонмо гидрометеорология. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1) Төмөнкүлөрдү билүү: – “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Айлана–чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021–жылдын 15–ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону. 3.2) Билгичтиги: – айлана чөйрөнүн мониторингин жүргүзүү системасын жана тартибин билүү; – айлана чөйрөнүн байкоо жүргүзүү берилиштерин чогултуу, иштетүү жана сактоо тартибин жана системасын билүү; – сыноо лабораториясынын иштөөсүн метрологиялык камсыздоону билүү; – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоону билүү; – аналитикалык документтерди даярдоону билүү; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташууну билүү; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү билүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү. 3.3) Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – химиялык лабораториялардын жумушу боюнча түшүнүк билүүсү жана көндүмдөрү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу. 2.2. Финансы, бухгалтериялык эсеп жана отчёттуулук башкармалыгынын финансы жана стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башчысы кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика жана башкаруу, экономика, финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит, бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук, финансы жана кредит. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1) Төмөнкүлөрдү билүү: – Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин; – “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Бухгалтериялык эсеп жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021–жылдын 15–ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону. 3.2) Билгичтиги: – финансылык жана пландык отчётторду түзүүнү билүү; – финансылык жана перспективдик пландаштыруу чөйрөсүн билүүсү; – ишмердүүлүктүн негизги түрлөрү боюнча эмгектик, финансылык жумшоолордун нормативдерин жүргүзүүнү жана өркүндөтүүнү талдоону билүү. 3.3) Көндүмдөрү: – компьютердик программалар (Microsoft Word, Excel, Power Point, Outlook, lnternet ж.б.) менен иштөө; – көп өлчөмдөгү материалдар менен иштөө; – кесиптештер менен иштей билүү жөндөмү, жоопкерчиликтүү, сабырдуу оор басырыктуу. 2.3. Укуктук-камсыздоо секторунун башчысы кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: юриспруденция. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1) Төмөнкүлөрдү билүү: – Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин; – Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин; – Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин; – “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013–жылдын 7–майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун, КР Министрлер Кабинетинин 2021–жылдын 15–ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону. 3.2) Билгичтиги: – юриспруденция тармагындагы билими, сотто жалпы жана атайын юрисдикциялардагы, бардык инстанциялардагы иштерди жүргүзүүнү билүү; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин билүүсү, аларды иш жүзүндө пайдаланууну билүү; – жарандардын укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыз кылууну билүү; – Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун экспертиза жүргүзүүнү билүү; – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоону билүү; – аналитикалык документтерди даярдоо; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуну билүү; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү. 3.3) Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – келишимдерди жана макулдашууларды түзүү боюнча иштөө көндүмдөрү. 2.4. Кадр жана иш кагаздар башкармалыгынын Кадр бөлүмүнүн башчысы кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гуманитардык илимдери, табият таануу илимдери, социалдык илимдери, физика–математика илимдери, педагогикалык билим берүү, экономика жана башкаруу анын ичинен персоналдарды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент; эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1) Төмөнкүлөрдү билүү: – “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022–жылдын 24–февралындагы № 61 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2022–жылдын 2–февралындагы № 24 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө”, 2022–жылдын 31–майындагы № 169 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө” Жарлыктарын; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013–жылдын 7–майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021–жылдын 29–декабрындагы № 356 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021–жылдын 15–ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин 2021–жылдын 26–октябрындагы № 570 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентин. 3.2) Билгичтиги: – Кыргызгидрометке келип түшкөн иш кагаздарды жана маалыматтарды карап чыгуу, резолюциялардын долбоорлорун даярдоону билүү; – Кыргызгидрометке келип түшкөн иш кагаздарды жана маалыматтарды Инфодокс программасы аркылуу электрондук каттоодон өткөрүүнү уюштурууну билүү; – кадрлык заманбап менеджменттин технологияларын билүү; – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүүнү билүү; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында көрө билүү; – алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоону билүү; – өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташууну билүү; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү билүү; – чыр–чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. 3.3) Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу, маалыматтарды түзүү, презентация көндүмдөрү; – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды иш жүзүндө колдоно билүү; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында чыгып сүйлөө жана көп өлчөмдөгү маалыматтар менен иштөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; –компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык камсыздоолорду колдоно билүү. 2.5.Эл аралык кызматташтык секторунун башкы адисинин кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гуманитардык илимдери анын ичинен эл аралык мамилелер, чыгыш таануу, лингвистика, аймак таануу, европа таануу, кытай таануу, англис тили, юриспруденция; табият таануу илимдери анын ичинен жаратылышты колдонуу жана экология, гидрометеорология, техносфералык коопсуздук. Жогорудагы аталган адистиктер боюнча кошумча жана экинчи билими кубатталат. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1) Төмөнкүлөрдү билүү: – “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021–жылдын 15–ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону. 3.2) Билгичтиги: – мамлекеттик, расмий жана чет тилдеринде (англис) сүйлөй алышын билүү; – жазуу жана сүйлөшүү түрүндөгү англис тилин жакшы билүүсү; – жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткарууну билүү; – документтерди, маалыматтарды, суроо–талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоону билүү; – кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү; – жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоону билүү; – англис тилинде иштиктүү кат алышууну билүү; – командада иштөө. 3.3) Көндүмдөрү: – презентация ыкмаларын билүү жана долбоорлорду иштеп чыгуу (инновациялык, инвестициялык); – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу. 2.6. Өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башкы адисинин кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш анын ининен архитектура, курулуш, өндүрүштүк жарандык курулуш; электротехника жана электротехника анын ичинен жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы, электроэнергетика жана электротехника, энергетика, гидротехникалык курулуш. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1) Төмөнкүлөрдү билүү: – “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021–жылдын 15–ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону. 3.2) Билгичтиги: – курулушка жана оңдоо иштерине техникалык шарттарды жана уруксат алууну билүү; – Кыргызгидрометтин курулуштарын жана имараттарын оңдоо иштерин өткөрүүгө финансылык ресурстарды пландоого эсептерди даярдоону уюштурууну билүү; – иштелип чыккан долбоордук документацияны кабыл алууга катышуу, объекттердин курулушуна жана оңдоосуна түзүлгөн сметтик ченемдерди текшерүүнү билүү; – кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү; – жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоону билүү; – командада иштөө. 3.3) Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү. 2.7. Гидрологиялык болжолдоолор бөлүмүнүн башкы адисинин кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери анын ичинен гидрометеорология, метеорология, гидрология, география, жаратылышты колдонуу жана экология; физика–математика илимдери анын ичинен физика, математика; техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология анын ичинен колдонмо гидрометеорология, жаратылышты жайгаштыруу жана суу колдонуу, гидротехникалык курулуш. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1) Төмөнкүлөрдү билүү: – Кыргыз Республикасынын Суу Кодексин; – “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021–жылдын 15–ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону. 3.2) Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоону билүү; – бөлүмдүн башчысынын отчету үчүн ар түрдүү жер үстүндөгү суулардын агымы жана дарыя сууларынын күн мурунтан болжолдоолору, сел жана суу ташкындарынын коркунучтары жөнүндөгү шашылыш билдирүүлөрдүн тууралыгын баалайт, туура эмес болжолдоолорду жыйноо жана белгилөөнү билүү; – дарыя сууларын болжолдоонун жаңы усулдарын жайылтат жана иштеп чыгууну билүү; – ар түрдүү календардык жана мезгилдик аралыктар үчүн гидрологиялык шарттардагы байкоолорду даярдоону билүү; – аналитикалык документтерди даярдоону билүү; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташууну билүү; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү билүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү. 3.3) Көндүмдөрү: –ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу; –ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; –башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу. Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу: – форма боюнча жеке арызы; – кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен); – резюме (телефон номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен); – өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтери; – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтери. – дипломдун көчүрмөсү; – паспорттун көчүрмөсү. Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, 2026-жылдын 13-январынан 23-январына чейин жарыя чыккан күндөн тартып төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Бишкек шаары, Керимбекова көч., 1, Кадр жана иш кагаздар башкармалыгына 1-кабат, каб.101 тел.:0312 316290, 314699. Толук маалыматты КР ӨКМнин (www.mes.gov.kg), Гидрометеорологиялык кызматынын (www.meteo.kg) сайттарынан алса болот. Толук маалыматты КР ӨКМнин (www.mes.gov.kg), Гидрометеорологиялык кызматынын (www.meteo.kg) сайттарынан алса болот. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору