Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт:
I.Жарандык административдик кызмат орундарынын улук тобуна (Талас ш.) – 2 бирдик:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
4)Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
5)Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
7)Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамы.
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш жана курулуш
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы жалпысынан бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
– Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргоону жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Суу жөнүндө” Мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана алрды баалоонун критерийлердин бекитүү жөнүндө” токтомунун;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосу” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматы жөнүндөгү жобосу”;
– Гидротехникалык курулуштар. Негизги жоболор. ЭКН 33-01-12; Гидротехникалык курулуштар. Долбоорлорун негизги жоболору (ЭКН 3.04-01-2005, КНжЭ 2.06.01-86); Суу каптоодон инженердик коргоону КНжЭ 2.06.15-85; Гидротехника. Негизгиитүшүнүктөр. Терминдер жана аныктамалар ГОСТ 19185-73; Селден коргоочу курулмалардын эксплуатациялоо эрежелери. Негизги жоболоруу ЧД 33-3.2.05-88; Кыргызстандын тоолу дарыяларынын шартында жээк коргоочу тосмолорду долбоорло боюнча сунуштар.
3.2. Билгичтиги:
– толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жана чиймелер);
– объекти нивелирдик жана теодолиттик ченем өткөрүү;
– технологиянын негиздери жана курулуш иштерин түрлөрүн билүү;
– Толук оңдоолуучу объекттерге керектөөчү каржаттын эсептеп чыгаруу;
– техникалык эксплуатациянын эрежелерин коргоо жана калыбына келтирүү жумуштарынын түзүлүшүн, техникалык тейлөөнү;
– аналитикалык иш – кагаздарды түзүү;
– презентация жасоого жөндөмдүү
3.3.Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– геодезиялык инстурменттерде иштөө, тиешелүү жайларды сүрөткө түшүрүү
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата;
– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата.

II. Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу:
–форма боюнча жеке арызы;
–кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен);
–резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен);
–өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
–негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтери;
–эмгек китепчесинин көчүрмөсү иш орду боюнча күбөлөндүрүлгөн;
–илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтери.
–дипломдун көчүрмөсү;
– паспорттун көчүрмөсү.

Документтерди  2026-жылдын 3-февралынан 16-февралына чейин кечиктирбестен кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек. Ош шаары, Моминова көчөсү, 11; 1 этаж, 13 кабинет; моб.телефону: 0555112695 ; Талас шаары, Ч.Айтматовдун көчөсү, 370, Талас облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмү; моб. Телефону: 0559112396