Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө департаменти улук административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна: (кызмат орду Бишкек ш.) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: Табият таануу илимдери, архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштыруу, өзгөчө кырдаалдарда коргоо, чалгындоо жана кендерди иштетүү, техносфералык коопсуздук, экономика жана башкаруу, юриспруденция. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик кызмат же/жана муниципиалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1 Төмөнкүлөрдү билүү: Негизги мыйзамдар: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы; – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3 – мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар: – “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” Токтому; – 2024-жылдын 22-февралындагы № 77 “Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, аны эсепке алууну системалаштыруунун тартибин жана Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтому; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти жөнүндө жобоcун билүү; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. 3.2 Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү; – алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жана ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; – өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. 3.3 Көндүмдөрү: -аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; -маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; -натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу; -тапшырмаларды аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу; -жумушту жана иш убактыны мерчемдөө. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна: (кызмат орду Ош ш.) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: Гидрогеология жана инженердик геология, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, өзгөчө кырдаалдарда коргоо, техносфералык коопсуздук, экономика, юристпруденция. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик кызмат же/жана муниципиалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1 Төмөнкүлөрдү билүү: Негизги мыйзамдар: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы; – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3 – мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар: – “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” Токтому; – 2024-жылдын 22-февралындагы № 77 “Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, аны эсепке алууну системалаштыруунун тартибин жана Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти жөнүндө жобоcун билүү; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. 3.2 Билгичтиги: – алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү; – өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. 3.3 Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу; – тапшырмаларды аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу; – жумушту жана иш убактыны мерчемдөө. Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл: – жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт 3х4 4 даана; – паспорттун көчүрмөсү; – эмгек китепчесинин, кесиптик билимин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү. Документтерди 2026-жылдын 9-февралынан баштап 19-февралына чейин Кадр жана иш кагаздары боюнча башкы адисине тапшыруу керек. Байланыш телефон: (0551) 112200 Жазуулар боюнча багыттоо Ош шаарынын мэриясы башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясы улук административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.