Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына резервке киргизүү үчүн ачып конкурс жарыялайт
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку төмөндөгү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштуруу, геология, пайдалуу кен байлыктарды чалгындоо жана кайра иштетүү, техносфералык коопсуздук, гидрометеорология, геофизика жана гидрогеология, техникалык илимдери, табият таануу илимдери, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, информатика технологиялары.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
1)Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамын;
2)2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтому;
3)2019-жылдын 6-майындагы № 212“Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
4)2019-жылдын 6-майындагы №213“Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
5)2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
6)2019-жылдын 23-октябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”токтому;
7)2019-жылдын 19-февралындагы №58“Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому;
8)Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жөнүндө жоболору.
3.2.Билгичтиги:
– ГИС технология, Adobe Photoshop, Corel Draw, Internet программалары боюнча билими
– жабдуулар менен иштөө жөндөмдүүлүгү;
– компьютердик картографиялык иштерди жүргүзүү, топографиялык карта менен иштөө билими;
– демилгелүү, жоопкерчиликтүү, командада иштөө жөндөмү болушу зарыл.
3.3.Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди маалыматтарды түзүү, презентация кылуу;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
-жеке арыз, резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-эмгек китепчеси, нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
– керектүү кесиптик билимин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтеридин нотариус аркылуу же персоналдарды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
Документтерди 2026-жылдын 5-мартына чейин КР ӨКМге караштуу ӨКМЖБ департаментинин кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адисине тапшыруу зарыл. Байланыш телефону: 0221 89 09 89