Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрликтин кадрлар резервине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрилигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматынын административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт: Жарандык административдик кызмат орундарынын улук тобуна (Талас ш.) – 2 бирдик: 1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 3)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 4)Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; 5)Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; 6)Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 7)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш жана курулуш 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы жалпысынан бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы 3. Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: – Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргоону жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Суу жөнүндө” Мыйзамдарын; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана алрды баалоонун критерийлердин бекитүү жөнүндө” токтомунун; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосу” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматы жөнүндөгү жобосу”; – Гидротехникалык курулуштар. Негизги жоболор. ЭКН 33-01-12; Гидротехникалык курулуштар. Долбоорлорун негизги жоболору (ЭКН 3.04-01-2005, КНжЭ 2.06.01-86); Суу каптоодон инженердик коргоону КНжЭ 2.06.15-85; Гидротехника. Негизгиитүшүнүктөр. Терминдер жана аныктамалар ГОСТ 19185-73; Селден коргоочу курулмалардын эксплуатациялоо эрежелери. Негизги жоболоруу ЧД 33-3.2.05-88; Кыргызстандын тоолу дарыяларынын шартында жээк коргоочу тосмолорду долбоорло боюнча сунуштар. 3.2. Билгичтиги: – толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жана чиймелер); – объекти нивелирдик жана теодолиттик ченем өткөрүү; – технологиянын негиздери жана курулуш иштерин түрлөрүн билүү; – Толук оңдоолуучу объекттерге керектөөчү каржаттын эсептеп чыгаруу; – техникалык эксплуатациянын эрежелерин коргоо жана калыбына келтирүү жумуштарынын түзүлүшүн, техникалык тейлөөнү; – аналитикалык иш – кагаздарды түзүү; – презентация жасоого жөндөмдүү 3.3.Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – геодезиялык инстурменттерде иштөө, тиешелүү жайларды сүрөткө түшүрүү – мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата; – мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата. IV. Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу: –форма боюнча жеке арызы; –кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен); –резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен); –өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); –негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтери; –эмгек китепчесинин көчүрмөсү иш орду боюнча күбөлөндүрүлгөн; –илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтери. –дипломдун көчүрмөсү; – паспорттун көчүрмөсү. Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, 2026-жылдын 9-мартынан 22-мартына чейин кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек. Тел. 0555112695 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы