КР ӨКМне караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти Ош шаары, Моминова көчөсү, №1. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим, курулуш, тоо иштери, геолгия, геодезия жана жерге жайгаштыруу. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт. 3. Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1 Төмөнкүлөрдү билүү: Негизги мыйзамдар: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3 – мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар: – Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”; -“Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө”; – “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө”; -“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6- майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнундө”; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. 3.2 Билгичтиги: – алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү; – өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. 3.3 Көндүмдөрү: -аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; -маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; -натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу; -тапшырмаларды аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу; -жумушту жана иш убактыны мерчемдөө. 4. Кызматтык милдеттери – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо; – жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу; – кызматтык этика ченемдерин сактоо; – Департаменттин ички эмгек тартибинин, кызматтык нускамалардын эрежелерин, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү квалификациянын дэңгээлин сактоо; – ченемдик укуктук жана башка актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу; – өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо; – жетекчилер тарабынан берилген буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү, ошондой эле бөлүмгө берилген иш кагаздарды өз учурунда жана сапаттуу аткарат; Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл: – арыз бош кызмат орундун так аталышы менен, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт 3х4 4 даана; – паспорттун көчүрмөсү; – эмгек китепчесинин, кесиптик билимин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү. Сынакка катышуу үчүн документтерди төмөнкү адрес боюнча берүү керек: Ош шаары, Моминова көч.11, каб.204. Документтерди сынак жарыяланган күндөн тартып 2023-жылдын 04-августуна чейин кечиктирбестен кадр жана иш кагаздары боюнча башкы адисине тапшыруу зарыл. Байланыш телефондор: (0551) 11 22 00 Жазуулар боюнча багыттоо Чоң-Алай айыл өкмөтү Араван райондук ветеринардык башкармалыгы