Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы №43 “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Жобого ылайык улук административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына резервге киргизүү үчүн конкурс жарыялайт: Ала-Бука району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн башкы адиси: Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: өзгөчө кырдаалдардан коргонуу, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият илимдери, гуманитардык илимдер, педагогикалык билим, саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, маалыматтык коопсуздук, тоо-кен илимдери, айыл чарба, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, электроника, радиотехника жана байланыш, техника илимдери, техносфералык жана өрт коопсуздугу, гидрометеорология, аскердик билим. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзамдар: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы; – «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар: – Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” “Өрт коопсуздугу жөнүндө”мыйзамдарын; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-апрелиндеги №159 «Кыргыз Республикасында өкмөтүнүн алдындагы эвакуациялык комиссиясы жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 6-майындагы №212 “Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы №213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 13-майындагы №219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 23-октябрындагы №569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 19-февралындагы №58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону. Билгичтиги: – башкармалыктын аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн отчётторунун негизинде башкармалыктын жалпы маалыматын жалпылоону; – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгууну; – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, ишин жүргүзүүнү; – аналитикалык документтерди даярдоону; – жарандар менен иштей билүү; – курулуш эрежелерин жана нормаларын билүү; Көндүмдөрү: -компьютерди, уюштуруу техникасын жана керектүү программалык продуктыларды (Microsoft Word, Microsoft Exsel, Pover Point, Internet) колдоно билүү; -ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү. -маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу; -натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этика ченемдерин, ыкмаларын билүү; Конкурска катышууну каалаган адамдар 2026-жылдын 4-сентябрынан 21-сентябрына чейин (кошкондо),“Е-Kyzmat” (https://kyzmat.gov.kg) мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө беришет. Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтердин (сканерленген документтер) тиркелет. – жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча билими болсо), ага тиркемелери менен кошо; – эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары (вкладыштары) менен; – илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин тастыктаган документ (эгер бар болсо); – квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгер бар болсо). Документтердин түптүү нускалары талапкер тарабынан “е-Kyzmat” мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн ангемелешүү этабында көрсөтүлөт. Берилген маалыматтын аныктыгы үчүн талапкерлер жоопкерчилик тартат. Конкурс боюнча кошумча маалыматты төмөнкү даректен алууга болот. Манас шаары, С.Садыров көчөсү 9, каб. №5, КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Кадрлар бөлүмү, тел. 3722 2 19 70, 0552 992285 вотсап ЭСКЕРТҮҮ: коюлган талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар конкурска катышууга жол берилбейт. Жазуулар боюнча багыттоо Майлуу-Суу шаарынын мэриясы Токтогул району Үч-Терек айыл өкмөтү