Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык жарандык кызматынын улук административдик кызмат орду тобунун  ички  кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт

 

Улук административдик кызмат орундарынын тобу боюнча(У-А, У-Б)

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

—жогорку билим (“Экономика жана башкаруу”,  “Социалдык илимдер”, Юриспруденция, “Гуманитардык илимдер”, “Педагогикалык билим берүү”, “Саламаттыкты сактоо”, “Маданият жана искусство”, “Курулуш жана энергетикалык”, “Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар” Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча).

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

Тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдар:

1)Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;

2)Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси;

3)Кыргыз Республикасынын “Турак жай Кодекси”;

4)Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

5) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Мыйзамы;

6)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы:

7)Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө” Мыйзамы;

Маалыматтык технологиялар жаатында;

8)Кыргыз Республикасынын Жер  Кодекси;

9)Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси;

10)Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майы № 54 “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы;

11)Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

12)“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  • “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

14)“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

15). Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Мыйзамы

16)Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы;

17) Кыргыз Республикасынын Уй-бүлө Кодекси;

18) Кыргыз Республикасынын Балдар Кодекси;

19)  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;

20) Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;

21). Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү

 

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, infodocs жана башкалар).

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

— сынактык комиссиянын төрагасынын дарегине жазылган жеке арызы;

— кадрларды каттоо баракчасы;

— 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

— резюме;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

— жогорку билимин тастыктаган дипломдун көчүрмөсү;

— өмүр баян (соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен) ;

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү.

Документтерди кабыл алуу жарыя ММКга жайгаштырылган күндөн тартып 10 жумушчу күндө төмөнкү дарек боюнча электрондук түрдө https://kyzmat.gov.kg/ сайты аркылуу жүргүзүлөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн тел: (03744)5-27-10, 5-14-86 факс: 5-29-10

 

Эскертүү:-белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

wpChatIcon
wpChatIcon