Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын улук жана кенже топторуна конкурс жарыялайт:
I. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат ордуна:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, техникалык илимдери, архитектура жана курулуш, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, жаратылышты колдонуу жана экология жаатындагы багыттар боюнча.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
— “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
— “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Предметтик ченемдик укуктук актылар:
— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө»;
— 2019-жылдын 6-майындагы № 213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
— 2019-жылдын 13-майындагы № 219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө”;
— 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
— 2019-жылдын 28-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”;
— 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун.
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
— геодезиялык инструменттерде иштөөнү билүү, жеринде тиешелүү тартууларды жүргүзүүнү;
— курулуштагы экономикалык суроолорду билүү, калькуляция, сметаларды жана сметалык-каржы эсептерин жүргүзүүнү;
— аналитикалык жөндөмдүүлүгү, аналитикалык иш-кагаздарын даярдоо, презентация жасоо жөндөмдүүлүгү болушу;
— жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүүгө, командада иштөөгө жөндөмдүү болушу.
3.3. Көндүмдөрү:
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү.
II. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, техникалык илимдери, архитектура жана курулуш, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жаатында багыттар боюнча.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө»;
— 2019-жылдын 6-майындагы № 213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
— 2019-жылдын 13-майындагы № 219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө”;
— 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
— 2019-жылдын 28-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”;
— 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун.
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
3.2.Билгичтиги:
— геодезиялык инструменттерде иштөөнү билүү, жеринде тиешелүү тартууларды жүргүзүүнү;
— курулуштагы экономикалык суроолорду билүү, калькуляция, сметаларды жана сметалык-каржы эсептерин жүргүзүүнү;
— аналитикалык жөндөмдүүлүгү, аналитикалык иш-кагаздарын даярдоо, презентация жасоо жөндөмдүүлүгү болушу;
— жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүү, командада иштөө жөндөмдүү болушу.
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү.
III. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, техникалык илимдери, эл аралык кызматташтык, чет тили, гуманитардык илимдери, өзгөчө кырдаалдарда коргоонуу жаатында багыттар боюнча.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”;
— “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө”;
— “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”;
— “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”;
— “Эл аралык чукул жардам жөнүндө” Мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
— чет элдик өлкөлөр менен кызматташтык боюнча документтерди талдоо жүргүзүү;
— жетектеген багытында ишмердүүлүктүн мерчемин даярдоо жана иш алып баруу;
— эл аралык кызматташуу маселелери боюнча Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү менен иштөө;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө англис тилин билүү.
3.3. Көндүмдөрү:
— чечимдерди ыкчам түрдө чыгаруу жана ишке ашыруу;
— бөлүмдөгү башка кызматкерлер менен өз-ара иштөө;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме (электрондук почта, ИИН көрсөтүү жана соттуулугубар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), сүрөтүн;
— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Документтерди 2023-жылдын 5-февралына чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.
Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.612 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385.