Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрликтин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялансын:
1.Жарандык административдик кызмат орундарынын кенже тобуна үчүн (Бишкек ш.):
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, табият таануу илимдери багыттары боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш жана курулуш
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Суу жөнүндөгү”;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосу” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматы жөнүндөгү жобосу”;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”
3.2.Билгичтиги:
— ПСД сметаны түзүү,чийме чийүү;
— толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жана чиймелер);
— объекти нивелирдик жана теодолиттик ченем өткөрүү;
— аналитикалык иш — кагаздарды түзүү;
— презентация жасоого жөндөмдүү
3.3. Көндүмдөрү:
— геодезиялык инструменттерде иштөө, тиешелүү жайларды сүрөткө түшүрүү
2.Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
1)Жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын, резюмени (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), сүрөтүн;
2)Паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документтинин көчүрмөсү;
3)Керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматты тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
-Жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
-Паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документтинин көчүрмөсү;
-Керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматты тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Документтерди 2024-жылдын 27-мартынан тартып 2024-жылдын 10-апрелине чейин кечиктирбестен КР ӨКМне караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” Кызматынын кадрлар бөлүмүнө башкы адисине тапшыруу зарыл.
Ош шаары: Муминова көчөсү -11, 1 этаж, 113 кабинет, Байланыш телефону: 0555112695;
Бишкек шаары: Осмонкул көчөсү, 128, 2-этаж, Чүй облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмү; байланыш телефону: 0559112371; 0555112695