Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин   кадрлар резервине киргизүү үчүн  административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна ачык конкурс жарыялайт.

Административдик  мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна (У-А),  

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: юриспруденция, техникалык илимдер.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү:

-компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө;

-компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (Интернет, эл. почта ж.б.)

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

  Жалпы мыйзамдар:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы»;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.

 Предметтик мыйзамдар:

-Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;

-Кыргыз Республикасынын “Эмгекти коргоо жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы № 64 «Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсепке алуу жөнүндө токтому;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-апрелиндеги № 225 «Эмгекти коргоо кызматы жөнүндө жана эмгекти коргоо ишин уюштуруу тууралуу” типтүү Жобосу;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 токтому менен бекитилген “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө” Жобосу;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы  № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобосу, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат жөнүндө жобосу.

  3.2.Билгичтиги:

-эмгекти коргоонун талаптарын сактоону камсыз кылуу;

-эмгек шарттары жөнүндө, өндүрүштүк жаракат алуулар, кесиптик ооруга чалдыгуулар тууралуу жана алардын материалдык кесепеттери жөнүндө тиешелүү отчеттуулукту уюштуруу;

-методикалык документтерди билүү;

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо.

3.3. Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-эмгекти коргоо жаатындагы иш-аракеттерди координациялоо;

-аналитикалык жана стратегиялык документерди иштеп чыгуу..

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу зарыл:

-жеке  арызын, кадрларды каттоо баракчасын;

-резюмени (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), сүрөтүн;

-паспорттун көчүрмөсүн;

-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн;

-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсүн (иш стажы бар болсо);

-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнундө документтердин көчүрмөлөрүн.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп 2024-жылдын  30-сентябрына чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Ош шаары, Г.Айтиев к.,10,тел.0552 112912.

Кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (www.mchs.gov.kg) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин (www.mkk.gov.kg) сайттарынан  алса болот.

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.