Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматтын административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын улук тобуна конкурс жарыялайт:
I. Улук топтогу административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына: (Кадр иштери боюнча У-Б).
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: гуманитардык илимдери, педагогикалык билим берүү, экономика жана башкаруу.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү үч жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1) Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө”, 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө”, 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө”, 2022-жылдын 1-августундагы № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыктарын;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы № 462 “Эмгек китепчелеринин формасын, эмгек китепчелерине кошумча барак формасын жана эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомдорун.
3.2) Билгичтиги:
— маалыматтарды чогултуу, талдоо, систематизациялоо жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдө ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоону жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— ишке байланыштуу сүйлөшүүлөрдү алып баруу;
— жаңы эмгек шарттарына адаптациялоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө;
— кызматкерлердин алдына так формулировкаланган милдеттерди коюу жана алардын ишин объективдүү баалоо;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү;
3.3) Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
— жеке жана юридикалык жактардын суроолору боюнча корреспонденциялар менен иш алып баруу;
— ишти пландоо жана кызматтык иш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
— оюн так жана аргументтүү баяндоо;
— компьютерди жана иш техникаларын, зарыл болгон Microsoft Office, Word, Excel, Power Point (АИС, “АРБ”) программаларын билүү;
— талдоо жана уюштуруу жөндөмдүүлүгү;
— стресстүү жагдайларда ыкчам чечимдерди кабыл алуу жөндөмдүүлүгү.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
— паспорттун көчүрмөсүн;
— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Документтерди кабыл алуу дареги: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы, Бишкек шаары, Манас пр., 101/1, Жумабек көч., 203/1, 3-кабат, 313-кабинети, телефону: 0703121416 (9:00дан-17:00чейин).
Документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 13-ноябрынан тартып 29-ноябрына чейин (кошкондо) жүргүзүлөт.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган талапкерлерге Конкурска катышууга жол берилбейт.
Борбордук мамлекеттик органдарга сынактар (Бишкек шаары боюнча)
Борбордук мамлекеттик органдарга сынактар (Бишкек шаары боюнча)
Вакансии по центральным государственным органам (по г.Бишкек)