Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын башкы, улук жана кенже топторуна конкурс жарыялайт:
1.1. Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы тобуна:
Кесиптик билим деңгээли:
— токой чарбасы, табият таануу илимдер жаатындагы экология жана жаратылышты пайдалануу багыты боюнча жогорку билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
– Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” Мыйзамы;
− Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 “Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 “Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн объекттерине, мумия камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөө үчүн таксаларды бекитүү жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 706 “Токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому.
Билгичтиги:
– ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
– тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;
– оор кырдаалдарда чечимдерди кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишине объективдүү баа берүү;
– кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү.
Көндүмдөрү:
– токой чарбасын жүргүзүү, токой-аңчылык жайгаштыруу, токой ресурстарын коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу жаатында иштелип чыгуучу мамлекеттик программаларга ченемдик укукту актылардын, стандарттардын, нормативдердин долбоорун, сунуштарды иштеп чыгуу;
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– башкаруу иши (пландаштыруу, уюштуруу, координациялоо, шыктандыруу жана контролдоо);
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу жана алардын стратегиялык чечимдерди аткаруу сапаты үчүн жоопкерчилик тартуу, мониторинг жүргүзүү, кабыл алынган чечимдердин натыйжаларын талдоону жана болжолдоону контролдоо;
– эл алдында чыгып сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
– ишкер байланыштын ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү.
1.2. Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна:
Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш, табият таануу илимдери, өзгөчө кырдаалдарда коргоо жаатында, аскердик билим берүү, геодезия жана жерге жайгаштыруу, геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология, колдонмо математика жана информатика.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому.
Предметтик мыйзамдар:
– “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды — Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 555 “Атайын превентивдүү жана кесепеттерди жоюу иш-чараларын жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 77 “Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, аны эсепке алууну системалаштыруунун тартибин жана Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
Билгичтиги:
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу сапаттуу даярдоо;
– өз ишин натыйжалуу уюштуруу;
– жогору турган тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгууну;
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгууну;
– маалыматты талдоону, системалаштыруу жана жалпылоону;
– түзүмдөр аралык мамилелер боюнча өз ара аракеттенүү.
Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
– компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программаларды колодоно билүү;
– жумуш убактысын туура пайдалана билүү;
– жоопкерчиликтүү, өздүк жүрүм-турумун башкаруу;
– мамлекеттик жана расмий тилдерде эркин ишкердик кат алышуу.
1.3. Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже тобуна:
Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш, табият таануу илимдери, өзгөчө кырдаалдарда коргоо жаатында, аскердик билим берүү, геодезия жана жерге жайгаштыруу, геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Предметтик мыйзамдар:
– “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды — Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-октябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 555 “Атайын превентивдүү жана кесепеттерди жоюу иш-чараларын жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 77 “Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, аны эсепке алууну системалаштыруунун тартибин жана Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
Билгичтиги:
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу сапаттуу даярдоо;
– өз ишин натыйжалуу уюштуруу;
– жогору турган тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
– компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программаларды колодоно билүү;
– жоопкерчиликтүү, өздүк жүрүм-турумун башкаруу, жумуш убактысын туура пайдалана билүү;
– мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.
1.4.Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна:
Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык илимдери, архитектура жана курулуш, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жаатында.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому.
Предметтик мыйзамдар:
– “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 токтому;
– “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 219 токтому;
– “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 токтому;
– “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 16 токтому;
– “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо.
Билгичтиги:
– геодезиялык инструменттерде иштөөнү билүү, жеринде тиешелүү тартууларды жүргүзүүнү;
– курулуштагы экономикалык суроолорду билүү, калькуляция, сметаларды жана сметалык-каржы эсептерин жүргүзүүнү;
– аналитикалык жөндөмдүүлүгү, аналитикалык иш-кагаздарын даярдоо, презентация жасоо жөндөмдүүлүгү болушу;
– жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүүгө, командада иштөөгө жөндөмдүү болушу.
Көндүмдөрү:
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү.
1.5. Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже тобуна:
Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык илимдери, архитектура жана курулуш, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жаатында.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Предметтик мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамын;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
Билгичтиги:
– геодезиялык инструменттерде иштөөнү билүү, жеринде тиешелүү тартууларды жүргүзүүнү;
– курулуштагы экономикалык суроолорду билүү, калькуляция, сметаларды жана сметалык-каржы эсептерин жүргүзүүнү;
– аналитикалык жөндөмдүүлүгү, аналитикалык иш-кагаздарын даярдоо, презентация жасоо жөндөмдүүлүгү болушу;
– жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүү, командада иштөө жөндөмдүү болушу.
Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.
Документтерди 2025-жылдын 10-мартына чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.
Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.612 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385
Борбордук мамлекеттик органдарга сынактар (Бишкек шаары боюнча)
Борбордук мамлекеттик органдарга сынактар (Бишкек шаары боюнча)
Вакансии по центральным государственным органам (по г.Бишкек)