Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызматы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин   кадрлар резервине киргизүү үчүн  административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже тобуна конкурска жарыяны сайтка жайгаштырууну суранат.

Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштыруу, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу.

 

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

 

 Жалпы мыйзамдар:

1).Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2).Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

3).Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.

Предметтик мыйзамдар:

-Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”  Мыйзамдары;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы  № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосу, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат жөнүндө жобосу.

 

 

Билгичтиги:

-курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүүнүн методикалык жана ченемдик актыларын билүү;

-курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүүнүн жоболорун билүү.

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана /же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө.

 

Көндүмдөрү:

-чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштөө жөндөмдүүлүгү.

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу зарыл:

-жеке  арызын, кадрларды каттоо баракчасын;

-резюмени (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), сүрөтүн;

-паспорттун көчүрмөсүн;

-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн;

-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсүн (иш стажы бар болсо);

 

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп 2025-жылдын  10-мартына  чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Ош шаары, Г.Айтиев к.,10,тел.0552 112912.

Кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (www.mchs.gov.kg) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин (www.mkk.gov.kg) сайттарынан  алса болот.

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.