- Мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже тобуна:(Конкурс республиканын бардык облустарындагы кызмат орундарына)
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика, бухгалтердик эсеп жана анализ, аудит, финансист;
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажына талап коюлбайт.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1) Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
-Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтомун.
-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
-Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин;
-Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып
алуулар жөнүндө” Мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы шарттары жөнүндө” Жарлыгын;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомун;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобосун;
-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругун.
3.2) Билгичтиги:
-материалдык-жоопту адамдардын товардык-материалдык баалуулуктарды жокко чыгаруу боюнча актылары, материалдык отчёттору менен иштөө тажрыйбасы болушу;
-мамлекеттик мүлк фондусунун негизги каражаттары боюнча жылдык инвентаризация жүргүзүү;
-каржы жана мерчемдөө отчетторун даярдоо жөндөмдүүлүгү;
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-борборлоштурулган бухгалтердик эсеп программасын билүү;
-иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин билүү.
3.3. Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоноо билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
-жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме (электрондук почта, ИИН көрсөтүү жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), сүрөтүн;
-керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө
документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Документтерди 2025-жылдын 3-июнуна чейин КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Кадр жана тарбия иштери бөлүмүнө тапшыруу керек.
Конкурска катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Каракол шаары, Токтогул көчөсү 197, тел.: 0555 00 65 58.