Кыргыз Респуликасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына кадрдык резервге кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт. Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна жалпы квалификациялык талаптар: •Билими: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; – Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген. •Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий (орус) тилдерди билүү. •Компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү, ошондой эле жөндөмдүүлүгү: – маалыматтардын чоң көлөмү менен иш жүргүзүү; – маалыматтарды таблица, диаграмма жана график түрүндө көрсөтүү; – эсептөөлөр менен байланыштуу сан түрүндөгү маалыматтар менен иштөө; – статистикалык маалыматтарга талдоо жүргүзүү жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга колдоо көрсөтүү үчүн маалыматты жаратуу. Милдетүү квалификациялык талаптар: •Экономика жана/же финансы багыты боюнча. 1. Кесиптик билим деңгээли: – жогорку экономикалык же финансылык билим. 2. Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы: – мамлекеттик же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес эмгек стажы; 3. Кесиптик компетенттүүлүгү: Билими: – Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө” (тиешелүү жылга). Билгичтиги: – тез чечим кабыл алуу жана кесепеттер үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууну билүү; – “1С: Бюджеттик уюмдар үчүн бухгалтерия” программалык продуктусу менен иштөө; – “Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп” Автоматташтырылган маалымат системасында иштөө; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү. Көндүмдөрү: – мамлекеттик жана расмий тилдерде финансылык документтерди түзүү; – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу; – компьютердик сабаттуулугу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу. • Социалдык жана гуманитардык илимдер багыты боюнча. 1.Кесиптик билиминин деңгээли: -социалдык жана гуманитардык багыттары боюнча жогорку билими. 2. Иш тажрыйбасы жана стажы: – жалпысынан бир жылдан кем эмес, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы. 3. Кесиптик компетенттүүлүгү: Билими: – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө”, “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”; – Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары: 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 126 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги жөнүндө”, 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 257 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө” (тиешелүү жылга); – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасы (тиешелүү жылга); – Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан диний конфессиялар жөнүндө; – дүйнөлүк диндердин негиздери. Билгичтиги: – дин тармагындагы маселелерди чечүүгө анализ жүргүзүү, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, көзөмөлдөө жана ыкмаларды интеграциялоо; – дин тармагындагы ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – дин маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү, алынган маалыматтарды салыштырмалуу талдоо жана жалпылоо; – КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдалануу. Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу; – ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – компьютердик жана кеңсе техникасын, керектүү программалык продуктуларды билүү. Сынакка катышууну каалаган талапкерлер арызды “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта же төмөнкү документтерди көктөмөгө тиркеп, кагаз түрүндө тапшырса болот: – өздүк арызы; – сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча; – өмүр баяны (соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – таржымал (резюме) жарактуу электрондук почтаны, телефонду көрсөтүү менен; – негизги жана кошумча билимди (бар болсо); – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажысы болсо); – окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); – паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт). Документтер 2026-жылдын 10-февралынан 24-февралына чейин төмөнкү дарек боюнча тапшырылышы керек: Бишкек ш., Ч. Айтматов пр. 1 ст.2, (214-каб.) 9:00 баштап 17:00 чейин. Сурап-билүү тел.:(0312) 569-177. Маалыматты Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттиктин mkk.gov.kg жана ДИЭМУАтин religion.gov.kg.сайттарынан алса болот. Эскертүү: коюлган талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар сынакка катышууга киргизилбейт. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы