Кыргыз Респуликасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына кадрдык резервге кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна жалпы квалификациялык талаптар:
Билүүгө тийиш:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
«Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү.
Компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктылар менен иштөөнү билүүгө, анын ичинде:
— чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштөө; маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө көрсөтүү; эсептөөлөргө байланыштуу сандык маалыматтар менен иштөө; статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалыматтарды анализдөө.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли:
— жогорку экономикалык же финансылык билим.
Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес эмгек стажы;
Кесиптик компетенциялар:
Маалымдуулугу:
— Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө (тиешелүү жылга), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоонун тартиби жөнүндөгү” Жобосу;
— 1С программаларын жана бюджеттик эсепти билүү.
Ыктуулугу:
— тез чечим кабыл алуу жана кесепеттер үчүн жоопкерчилик тартуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууну билүү;
— ведомстволор менен өз ара аракеттене билүү.
Жөндөмү:
— мамлекеттик жана расмий тилдерде финансылык документтерди даярдоо;
— маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдоно билүү;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу.

Сынакка катышууну каалаган талапкерлер арызды «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта же төмөнкү документтерди көктөмөгө тиркеп, кагаз түрүндө тапшырса болот:
өздүк арызы;
сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
өмүр баяны (соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
таржымал (резюме) жарактуу электрондук почтаны, телефонду көрсөтүү менен;
акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимди (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажысы болсо);
окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).

Документтер 2025-жылдын 8-сентябрынан 22-сентябрына чейин төмөнкү дарек боюнча тапшырылышы керек: Бишкек ш., Ч. Айтматов пр. 1 ст.2, (214-каб.) 9:00 баштап 17:00 чейин. Сурап-билүү тел.:  (0222) 011-457.
Маалыматты Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттиктин mkk.gov.kg жана ДИЭМУАтин religion.gov.kg.сайттарынан алса болот.
Эскертүү: коюлган талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар сынакка катышууга киргизилбейт.